www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 27-февралда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиевдин коштоосунда Монголиянын Улуу Мамлекеттик Хуралынын Төрагасы Гомбожавын Занданшатар кыргыз парламентинин ишмердүүлүгү менен таанышты.

Ардактуу коноктор Жогорку Кеңештин жыйындары өтчү залды көрүп, отурумдардын жүрүшү боюнча маалымат алышты.

Төрага Нурланбек Шакиев 85 жылдык тарыхка ээ кыргыз парламенти тууралуу сөз кылып, башкы мыйзам чыгаруу органынын ишиндеги өзгөчөлүктөр жөнүндө айтып берди.

Белгилей кетсек, күн мурун, 26-февралда Монголиянын Улуу Мамлекеттик Хуралынын (парламентинин) төрагасы Гомбожавын Занданшатар Кыргызстанга расмий иш сапары менен келген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости