www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Шайлоо өнөктүгү убагында Европа Биримдигинде реформа убадасын берген Франциянын президенти Эммануэль Макрон, шымаланып киришти окшойт.

Француз лидер кечээ Елисей сарайында кабыл алган Италиянын премьер-министри Паоло Жентилони менен Европа Биримдигинин кайра каралып чыгылышы темасында бирге иштей тургандарын жарыялады.

Бул үчүн кыска жана узун мөөнөттө жасалышы керек болгондор бар экенин айткан Макрон, Евро аймагы үчүн биргелешкен бюджет даярдалышын талап кылды.

Макрон, ЕБнин Италиянын баш калкалоочулар тууралуу чакырыктарына жетиштүү түрдө кулак салбаганын да айтты.

Жентилони болсо ЕБнин дагы күчтүү жана атуулдарга дагы жакын болушу керектигин белгиледи.

Итальян өкмөт башчы, Европада баш калкалоочулар темасында биргелешкен саясат белгиленишин жана орток акча бирдиги менен катар өнөктөш банктар өнүктүрүлүшүн каалады.

Франциянын президенти Макрон, кызматка келгенден кийин алгачкы чет өлкөгө сапарын Германияга жасады. Германиянын канцлери Ангела Меркель менен бирге ЕБнин куруучу келишимдеринин дагы да өнүктүрүлө турганын жарыялады.

Макрон, Евро аймагынын күчтөндүрүлүшү менен катар коопсуздук жана миграция саясаты сыяктуу тармактарда да көп сандаган өзгөрүүнү каалайт.

Булак: "trt.net.tr"

Последние новости