www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Украинанын Евробиримдиктин курамына кирүү жараяны көп жылга созулушу мүмкүн деген пикирин 9-майда Франциянын президенти Эммануэл Макрон Страсбург шаарында Европанын келечеги талкууланган конференцияда билдирди.

“Бул жараян жылдарды, чындыгында, балким, он жылдыктарды талап кыларын биз жакшы түшүнүп турабыз. Бул реалдуулук. Эгер, албетте, биз талапкер өлкөгө коюлуучу стандарттарды жумшартпасак жана Европанын биримдигине карата мамилебизди кайра карап чыкпасак”, – деди Макрон.

9-майда Украина Еврокомиссияга анкеталардын экинчи бөлүгүн тапшырды. Атайын комиссия аны июнь айында баалайт. Украинага талапкер макамы ыйгарылган күндө да ал уюмдун толук мүчөсү болуусу үчүн көптөгөн реформаларды жүргүзүп, 27 мүчө өлкөнүн ар биринин макулдугун алышы керек болот.

Украин бийлиги Евробиримдикке мүчө болууга арызын быйыл 24-февралда Орусия кол салгандан көп өтпөй тапшырган. Ага удаа ушундай эле арыздарын Грузия жана Молдова беришкен.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости