www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жапония Орусияга каршы жаңы санкцияларды киргизди. Бул тууралуу ТАСС өлкөнүн Тышкы иштер министрлигине шилтеме берүү менен билдирди.
Жапон санкцияларынын тизмесинде 130дан ашуун адам, анын ичинде Орусиянын премьер-министри Михаил Мишустин, РФ Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары Рашид Нургалиев, ДЭР жана ЛЭР жетекчилиги бар. Чектөөчү чараларга активдерди тоңдуруу кирет. Ошондой эле Орусиянын 70 компаниясы, анын ичинде «Алмаз-Антей» жана «Тактикалык ракеталык куралдар корпорациясы» да санкцияга кабылды.
Буга чейин Жапониянын премьер-министри Фумио Кишида өлкө Орусияга каршы кошумча санкцияларды киргизүү чечимин кабыл алганын билдирген. Япония 140 адамдын активдерин тоңдурду жана санкцияларга дуушар болгон банктардын тизмесин кеңейтти.
Ошондой эле өлкө Орусияга кванттык компьютерлерди жеткирүүгө тыюу салат. Мындан тышкары Токио орусиялык коргонуу компанияларына экспорттук чектөөлөрдү кеңейтет.
Булак: NazarNews.kg