www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров шаршемби күнү Москвада журналист Павел Зарубин менен болгон маегинде Франциянын президенти Эммануэль Макрондун айланасындагы соңку чуулгандуу иштер боюнча суроосуна комментарий берди.

"Ар бир адамдын өз каалоосу, хоббиси болот. Мен жеке жашоого кийлигишпейм. Саясатчылардын саясий иштерине, тышкы саясат чөйрөсүндө кабыл алган чечимдерине карап баа бериш керек деп эсептейм", - деди тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Лавров.

25-майда Франциянын президенти Эммануэль Макрон Вьетнамда учактан түшөөрдө өлкөнүн биринчи айымы Брижит Макрон аны жаакка чаап жиберген.

Камерага түшүп калган жубайлардын ортосундагы көрүнүш коомчулуктун көңүлүн буруп, пикирлердин толкунун жараткан.

Последние новости