www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Казыяттагы мыйзамсыз акча чогултууга айыпталып кармалып, үй камагына чыгарылган Ош шаарынын мурдагы казысы Мирлан Токтомушев кайрадан тергөө абагына киргизилди. Аны 18-июнга чейин камакка алуу өтүнүчүн УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкармалыгынын тергөөчүсү келтирген.
Ош облустук сотунун басма сөз кызматы "Т-Медиага" билдиргендей, 29-майда Ош облустук соту шаардык соттун Токтомушев тууралуу токтомун жокко чыгарды.
Мирлан Токтомушевдин кармалганы 22-майда кабарланган. УКМК маалыматты ырастап, ал жана казыяттын башка кызматкерлери мечит жана медреселерден мыйзамсыз акча чогултууга шектелип жатканын билдирген. Бул иш боюнча Кылмыш-жаза кодесинин 209-беренеси («Алдамчылык») менен кылмыш иши козголуп, соттун уруксаты менен Т.М.Б, М.Ж.М, Д.Б.Х. жана С.А.К аттуу кызматкерлердин үйүндө жана иш бөлмөлөрүндө тинтүү жүргүзүлгөн.
23-майда Ош шаардык сотунда Токтомушевдин бөгөт чарасы каралып, үй камагына чыгарылган. Аны менен кошо кармалган казыяттын үч кызматкери 18-июнга чейин камакта калтырылган.
Мирлан Токтомушев Ош шаарынын казысы болуп 2023-жылдын башында дайындалган. Ага чейин, 2019-жылдан бери шаардык казынын орун басары болуп турган.