www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Paris Match басылмасынын журналисти Флориан Тардиф өткөн жылдын май айында Вьетнамга болгон сапар учурунда Франциянын президенти Эмманюэль Макронду жубайы Брижит эмне үчүн жаакка чапкан себеби тууралуу билдирди. Le Parisien басылмасынын маалыматына таянып, ал өзүнүн “Дээрлик идеалдуу жубайлар” аттуу китебинде бул чырдын себеби саясатчынын ирандык актриса Гольшифте Фарахани менен болгон байланышы болушу мүмкүн экенин жазган.
Журналисттин айтымында, булактар Макрон бир нече ай бою актриса менен кат алышып, атүгүл ага болгон симпатиясын билдиргенин айтышат. Дал ошол билдирүүлөрдү Брижит Макрон анын телефонунан окуп калган соң, үй-бүлөлүк чыр чыккан деген версия айтылууда.
Бирок Брижит Макрондун айланасындагы адамдар Le Parisien басылмасына бул маалыматты четке кагышкан. Алар “Брижит Макрон бул дооматты четке каккан жана ал эч качан күйөөсүнүн телефонун карабай турганын айткан” деп билдиришкен.
Окуя Вьетнамга сапар учурунда, жубайлар учактан түшүүгө даярданып жатканда болгон. Елисей сарайы бул көрүнүштү “агрессия эмес, жакын мамиленин учуру” деп түшүндүргөн.