www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн Бишкекте 2017–2026-жылдары Швейцария Өкмөтүнүн колдоосу менен ишке ашырылган «Кыргызстанда жугуштуу эмес ооруларды натыйжалуу башкаруу жана алдын алуу» долбоорунун ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын чыгарууга арналган иш-чара өттү. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов, Швейцариянын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Сироко Мессерли, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, медицина коомчулугу жана өнөктөш уюмдар катышты.

Долбоорду ишке ашыруудагы сегиз жыл ичинде жугуштуу эмес оорулардан улам мезгилсиз өлүмдү азайтууга олуттуу салым кошулду. 2018-жылдан 2026-жылга чейин DALY көрсөткүчү (мезгилсиз өлүм жана майыптык себептүү жоготулган өмүр жылдары) орточо 29%га төмөндөдү. Өлкө боюнча 92 миңден ашык мезгилсиз өлүмдүн алдын алууга мүмкүн болду, бул болжол менен 44,8 миллиард сом көлөмүндөгү экономикалык жоготуулардын алдын алууга шарт түздү.

Иш-чарада сөз сүйлөгөн Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов Кыргызстандагы саламаттык сактоо тутумун көп жылдар бою колдоп келгендиги үчүн Швейцария Өкмөтүнө ыраазычылык билдирди.

«Швейцария Өкмөтүнүн колдоосу менен биз баштапкы медициналык-санитардык жардам системасын олуттуу чыңдоого, жугуштуу эмес ооруларды эрте аныктоону жакшыртууга жана калкка көрсөтүлүүчү медициналык кызматтардын сапатын жогорулатууга жетиштик. Өзгөчө маанилүүсү — долбоор калк арасында алдын алуу маданиятын жана сергек жашоо образын калыптандырууга көмөк көрсөттү. Алынган жыйынтыктар Кыргызстанда алдын алуу системасын өнүктүрүүгө жана коомдук саламаттыкты чыңдоого бекем негиз болот», — деп белгиледи министр.

Долбоордун алкагында баштапкы медициналык-санитардык жардам деңгээлинде жугуштуу эмес ооруларды эрте аныктоо жана дарылоо үчүн PEN протоколдору киргизилди, үй-бүлөлүк медайымдардын функциялары кеңейтилди, саламаттык сактоо уюмдарындагы сапат бөлүмдөрүнүн иши күчөтүлдү, ошондой эле бюджеттик пландоонун ачык-айкын механизмдери киргизилди.

Мындан тышкары, саламаттык сактоо системасын санариптештирүүгө өзгөчө көңүл бурулду. Медициналык мекемелер компьютердик техника менен камсыздалып, бул электрондук амбулатордук карта сыяктуу санариптик чечимдерди кеңири киргизүүгө мүмкүнчүлүк түздү.

Долбоор жугуштуу эмес оорулардын тобокелдик факторлорун азайтууга да жардам берди. Долбоордун экинчи фазасы ишке ашырылган аймактарда тамеки чегүү деңгээли 19%га, алкоголду колдонуу 58%га азайды, ошондой эле калктын туура тамактануу жана физикалык активдүүлүк көрсөткүчтөрү жакшырды.

Алдын алуу иштерин жайылтууда улуттук маалыматтык кампаниялар чоң роль ойноду. 2026-жылы «Жоопкерчиликтүү бол!» аттуу айлыкка 1,1 миллиондон ашык эркек катышса, 2025-жылы «Аялдардын ден соолугу» айлыгы аркылуу 1 миллиондон ашык аял камтылган.

Мындан тышкары, жергиликтүү деңгээлде калк менен активдүү иш алып барып, коомчулукта сергек жашоо образын жайылтып жаткан Айылдык ден соолук комитеттеринин ишмердүүлүгү жогору бааланды.

Маалымат үчүн: жугуштуу эмес оорулар — бул өнөкөт оорулар, алардын катарына жүрөк-кан тамыр оорулары, онкологиялык оорулар, өнөкөт респиратордук оорулар жана кант диабети кирет. Негизги тобокелдик факторлору болуп туура эмес тамактануу, тамеки тартуу, алкоголду ашыкча ичүү жана физикалык активдүүлүктүн төмөн болушу саналат.

Последние новости