www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Эммануэль Макрондун Украинага аскер, курал-жарак жөнөтүү боюнча айткандары Франциянын өзүндө, алардын саясий айдыңында сын-пикирлерди жаратты.

"Патриоттор" деп аталган француз улуттук партиясынын лидери Флориан Филиппо мекендештерин Макрондун билдирүүсүнөн кийин нааразылык акциясына чыгууга үндөдү. Ал Украинага аскер жөнөтүү ыктымалдыгы боюнча билдирүүгө басым койгонун РИА Новости жазды.

"Дүйнөнүн бардык күчтөрү Макрондун акылга сыйбас согуштук кадамына тоскоолдук жаратуу үчүн биригиши керек... Тынчтык акциясы 2-мартта, ишемби күнү, саат 15те Парижде өтөт. Катышабыз!" — деген саясатчы Х социалдык тармагына.

Ал эми Улуттук жыйынга кескин оңчулдардын "Улуттук биримдик" партиясынан келген фракциянын жетекчиси Марин Ле Пен куралдуу күчтөрдү жөнөтөм деп Макрон аскер башчынын ролун өзүнө алганга аракет кылганын белгилген.

"Ар бир адам мындай маанайдагы билдирүүнүн олуттуулугу боюнча өзүнө отчет бере алабы, билбейм... Эммануэль Макрон аскер башчынын ролун ойноп, биздин балдардын келечеги тууралуу эч ойлонбой сүйлөп жатат. Кеп тынчтык, биздин өлкөдөгү согуш туурасында жүрүүдө", — деп жазган Ле Пен Х социалдык тармагына.

Социалисттер партиясынын лидери Оливье Фор Россия менен тирешүү акылсыздык экенин айтты.

"Маалымат жыйын учурунда Францияны чатакка (Украинадагы) тартып, ага катыштырууга даярдыгы тууралуу айтканы — президенттин кооптуу жеңил ойлуулугу. Украинаны колдоого макул дейбиз, ал эми Россия менен кармашып, ага континенттин бардыгын тартуу — акылсыздык", — деген Оливье Фор.

Макрон кечээ, 26-февралда, кечке жуук Украина маселеси боюнча Парижде өткөн конференциянын жыйынтыгы боюнча маалымат жыйын өткөрүп жатып, Батыш өлкөлөрүнүн лидерлери аскер жөнөтүүнү талкуулап жатканынын, бирок бир пикирге келе электигин айкан эле.

Киевге курал, окторду (ичинде абадан кол салууга каршы системалар, артиллерия бар) берген европалык сегиз коалиция бардыгын белгилеген.

Последние новости