www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кремль Киевдин европалык союздаштарын эгер алар Украинага жөө аскерлерин жөнөтө турган болсо Орусия менен НАТО ортосунда согуш тутанары «турган иш» экенин эскертти. 

Орус президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков «Украинага НАТО өлкөлөрүнөн айрым контингентти жөнөтүү ыктымалдыгын талкуулоонун өзү өтө маанилүү жаңы элемент. Анда биз ыктымалдыкты эмес, болбой койбостукту талкуулоого мажбур болобуз», - деп 27-февралда билдирди.

26-февралда Франциянын демилгеси менен борбор калаа Парижде Украина маселеси боюнча Европадагы 20 өлкөнүн, АКШнын, Канаданын лидерлери жана өкүлдөрү катышкан саммит өткөн. Анын жыйынтыгында Европа лидерлери Украинага Орусиянын кол салуусуна каршы күрөшүү үчүн “орто жана алыс аралыкка жетүүчү ракеталарды жана бомбаларды” жөнөтүү максатында коалиция түзүүнү макулдашканын өлкө президенти Эммануэл Макрон билдирген.

Ошондой эле Макрон Украинага аскер жөнөтүү ыктымалдыгы боюнча азыр бир пикир жоктугун, бирок андайды жокко чыгаруу да болбой турганын кошумчалаган.

Европанын НАТОго мүчө бир нече өлкөсү Макрондун аскер жөнөтүү тууралуу билдирүүсүн четке кагып жатышат.

Германиянын канцлери Олаф Шольц «Украин жергесинде европалык өлкөлөрдүн же НАТОго мүчө мамлекеттердин аскерлери болбойт», - деп айтты.

Чехиянын премьер-министри Петр Фиала жана Польшанын премьер-министри Дональд Туск да андай ыктымалдыкты четке кагышты.

НАТОнун башкы катчысы Йенс Столтенберг «Украинанын НАТО боюнча союздаштары болуп көрбөгөндөй жардамын берип жатышат. Биз мындай жардамыбызды 2014-жылы баштап, толук масштабдуу кол салуу башталганда активдештирдик. Бирок НАТОнун аскерлерин Украинада жайгаштыруу планыбыз жок», - деди.

Украинанын коргоо министри Рустем Умеров 25-февралда «Украина. 2024-жыл» форумунда сүйлөп жатып Батыш убада кылган аскердик жардамдын жарымы өз маалында келбей жаткандыктан Украина жоокерлеринен да, жерлеринен да айрылып жатканын айткан.

Орусия Украинага 2022-жылдын 24-февралында кол салып, аны «атайын аскердик операция» деп атаган.

Последние новости