www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

 27-февраль күнү түрк тилдүү мамлекеттердин (ТМУ) фатва кеңешинин онлайн жыйыны өтүп, Орозо айынын башталышы жана Айт намазы боюнча талкуу уюштурулду.

Өзбекстан муфтияты тарабынан демилгеленген онлайн жыйынга Кыргызстан, Казакстан, Түркия, Азербайжан жана Түркмөнстандын диний өкүлдөрү катышып, Ай көрүү маселеси, Айт намазынын саатын тактоо, ооз ачар жана ооз бекитер убакыттары, диний майрамдар жана түрк дүйнөсүндөгү диний даталар боюнча бир пикирге келүү тууралуу сөз болду.

Түрк тилдүү мамлекеттеринин диний башкармалыктарынын Ташкентте өткөн IV съездинде фатва маселелерин кароо боюнча фатва кеңеши түзүлгөн.

Бул кеңешке Кыргызстан тараптан муфтийдин орун басары Абибилла ажы Кадырбердиев жана Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын фатва бөлүмүнүн башчысы Султанали ажы Гапуров кирген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости