www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Учурда Конституциянын дагы деле белгисиз вариантын иштеп чыгып жаткан кеңешменин алдына аткарылгыс милдет коюлду. Мындай пикирин «Мыйзам 93» демилге тобунун төрагасы Максат Кунакунов өзүнүн Facebook баракчасына жазды.

«Негизги Баш Мыйзамды иштеп чыгуунун мыйзамсыз жолдору – туңгуюкка алып барат. Конституциялык эмес орган бийликтин жок моделин ойлоп тапканын мен өкүнүү менен гана билдире алам.

Классикалык мааниде алганда, бийлик тутумун өз ара аракеттенип турган үч гана бутак түзөт. Булар мыйзам чыгаруу, аткаруу бийлиги жана сот органдары. Алар өз ара ишмердүүлүгүн жоопкерчилик жана ыйгарым укуктарынын чегинде ишке ашырышат.

Учурда Конституциянын дагы деле белгисиз вариантын иштеп чыгып жаткан кеңешменин алдына аткарылгыс милдет коюлду. Алар президент, өкмөт, парламент жана соттор менен катар Курултайды Негизги Мыйзамга киргизиши керек. Ага кандай функциялар берилиши мүмкүн жана ал бийлик бутактарынын кайсынысына таандык экени таптакыр белгисиз. Конституциялык кеңешме ишке ашпай турган нерсени ойлоп тапкандыктан, «чалынып» калды деп эсептейм.

Азырынча үмүт үзбөй туралы, бирок конституцияны жазууга болгон өз билемдик мамилени токтотпосок, анда Кыргызстан мыйзам талаасынан тышкары кала берет. Эми, Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктарынын мөөнөтү бүтүп, Конституциялык кеңешме мыйзамсыз болуп турганда, бирден-бир мыйзамдуу талап менен кырдаалды оңдоого болот. Биздин «Мыйзам-93» демилге тобу бир нече айдан бери 1993-жылдын 5-майында кабыл алынган Эгемендүү Кыргызстандын биринчи Конституциясын кайра калыбына келтирүү зарылдыгы жөнүндө айтып келишет. Бул эл аралык коомчулук тарабынан таанылган, Венеция Комиссиясы тарабынан колдоого алынган, жалпы элдик шайланган парламент тарабынан кабыл алынган жана жактырылган бирден-бир Негизги Мыйзам. Анын мыйзамдуулугу талашсыз.

1994-жылы, Акаев Конституцияны биринчи жолу өзү үчүн жазганда, мамлекеттик түзүлүштүн түпкү принциптери талкаланган. Андан бери Негизги Мыйзам 9 жолу кайра каралды. Балким жетиштүүдүр?

Референдум жолу менен «Конституция 93тү» калыбына келтирсе болот, анткени парламенттин мөөнөтү өтүп, мыйзамсыз кеңешменин ишмердүүлүгү тушунда —- бийликтин негизги булагы болуп Кыргызстандын эли эсептелет.

Албетте, Негизги Мыйзам кабыл алынгандан бери 27 жылдан ашуун убакыттын өткөндүгүн эске алып, заманбап шарттарга ылайыкташтырылышы керек. Муну элдик талкуунун жүрүшүндө толуктоолорду киргизүү менен жасоого болот. Эң негизгиси, Кыргызстандын биринчи Конституциясында бийлик бутактарынын биринин экинчисине үстөмдүк кылышына мүмкүнчүлүк бербеген тең салмактуулук тутуму бар.

Эми Курултайга келсек. 93-Конституцияда парламенттин сандык курамы гана көрсөтүлгөн. Анын иштөө механизмдери өзүнчө конституциялык мыйзам менен жөнгө салынат. Башкача айтканда, ошонун негизинде биз толук кандуу эки палаталуу Жогорку Кеңешти - Мыйзам чыгаруу жыйынын жана Жогорку Курултайды түзө алабыз. Алардын ыйгарым укуктарын кийинчерээк аныктаса болот. Ошол эле учурда, парламентти түзүү принциптерин кайра карап чыгуу үчүн Конституцияны ар дайым кайра жазуунун зарылчылыгы жок.

Бизге велосипед ойлоп табуунун кажети жок. Кыргызстанды мыйзамдуу нукка бурууга мүмкүндүк берген жөнөкөй саясий жол бар. Мындан ары жаңылбашыбыз керек», - дейт ал.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости