www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Максат Мамытканов Ош облусунун тургуну Наркыз Шералиеванын кызына байланыштуу окуяны жеке көзөмөлүнө алды.

Белгилесек, Максат Мамыткановдун катышуусунда өткөн Кыргыз Республикасынын Президентинин мөөнөтүнөн мурда шайлоосун уюштуруу боюнча Республикалык штабдын Ош жана Жалал-Абад облустарындагы көчмө жыйынында Ош облусунун тургуну Наркыз Шералиева кызынын жол кырсыгына учурап, олуттуу жаракаттарды алып, майып болгондугуна күнөөкөр жактарга карата жергиликтүү бийлик органдарынын аракетсиздигине карата нааразычылыгын билдирди.

Максат Мамытканов Наркыз Шералиеваны кунт коюп угуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жарасул Абдураимовго аталган иш боюнча маалыматты ыкчам сунуштоосун тапшырды.

Вице-премьер-министр белгилегендей, аткаруу бийлик органдарынын аракетсиздиги көпчүлүк учурда акыйкаттык издөөгө аргасыз болгон жөнөкөй жарандардын нааразычылыгын жана даттанууларын жаратат.

«Бул маселе боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүлөт. Ал эми күнөөлүү жактар аныкталса, алар тиешелүү жазасын алышы керек. Мен бул ишти жеке көзөмөлүмө алам. Мыйзам бузулган учурда эч кандай чара көрүлбөгөнү – бул жол берилгис нерсе», - деп белгиледи Максат Мамытканов.

Белгилей кетүүчү жагдай, кызматтык иликтөө башталды, укук коргоо органдарына, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигине бир катар тапшырмалар берилди. Тергөөнүн жыйынтыгы боюнча кошумча маалымат берилет. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости