www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Максат Мамытканов Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Пробация департаментине барды.

Сапардын жүрүшүндө Максат Мамытканов Департаменттин иштөө шарттары жана анын жыйынтыктары менен таанышты жана райондук пробация түзүмдөрүнүн кызматкерлерин практикалык жактан окутуу жана аларга методикалык көмөк көрсөтүүнү күчтөндүрүү керектигин, ошондой эле коомдук ишке тартуу түрүндө жазалоону киргизүү жана анын натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу зарылдыгын белгиледи.

Ошондой эле ал кошумчалагандай, мындан ары карай сот-укуктук реформаны ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга караштуу пробация боюнча кеңештин ролун жана натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча ишти күчтөндүрүү зарыл.

«Пробация» автоматташтырылган маалымат тутумун ишке киргизүү боюнча жумуштарды күчөтүү керек, иш кагаздарды электрондук түрдө толтуруу, аны республиканын аймактарында жүргүзүү боюнча иштерди жүргүзүү зарыл», - деп белгиледи вице-премьер-министр.

Белгилей кетүүчү жагдай, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Пробация департаменти 2019-жылдын 1-сентябрында эркиндигинен ажыратууга байланышпаган анча оор эмес кылмыш жасаган адамдарды түзөтүү боюнча Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын милдеттери Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине өткөрүлүп берилгенде түзүлгөн.

Жыйынтыгында вице-премьер-министр Юстиция министрлигинин, Пробация департаментинин жетекчилигине жана кызматкерлерине пробация институтун түзүүдө жасаган иштери үчүн, ошондой эле эл аралык уюмдарга материалдык-техникалык жардам берип, пробация органдарынын ишине көмөк көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости