www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин уулу Кадыр 2019-жылы 7-8-августта Кой-Ташта Атамбаевди кармоо боюнча атайын операция жүргүзүлүп жатканда окуялардын себептерин иликтөө боюнча комиссиянын отурумунун аудио жазмасын жарыялады. Анын видеотасмасын ал бүгүн, 12-ноябрда Facebook социалдык тармагындагы баракчасына жарыяланды.

Ал президенттин м.а. премьер министр Садыр Жапаровго кайрылып, анын “Атамбаев “Альфанын” кызматкерлерин аткан үчүн абакта отурат” деген сөзүн айтып, ал жаңылышып жатканын айтты.

Анын айтымы боюнча, тыңшоочу аппарат Кой-Таш окуясын иликтеген комиссиянын жабык отурумда жашыруун орнотулган. Аны мамкомиссиянын мүчөсү, “Чоң казат” партиясынын депутатына талапкер болгон Жаркынбек Касымбеков орнотуп, аудио жазууну аларга берген.

“УКМКнын төрагасы депутаттардын суроосуна жооп берип жатып, Алмаз Атамбаев “спецназдын” өлүмүнө тиешеси жок экенин ачык айтып жатат” – дейт Кадыр Атамбаев.

Аудиожазууда УКМКнын ошол кездеги төрагасы Орозбек Опумбаев экс-депутат, генерал Исмаил Исаковдун “Альфа” атайын отрядынын командиринин орун басары Үсөнбек Ниязбековдун өлүмүнүн жагдайлары жөнүндө суроолоруна жооп берип жатып, ок Алмазбек Атамбаевге таандык куралдардан эмес, Калашников автоматынан (АК-47) атылган деп айткан.

Адвокат Замир Жоошев Кадыр Атамбаевдин видеотасмасын Facebook социалдык тармагындагы баракчасына жарыялап, “Опумбаевдин айткандарын “Альфанын” 14 кызматкеринин көрсөтмөлөрү тастыктайт, алар кылмыш ишин тергөө учурунда ИИМдин тергөөчүлөрүнө Улан Ниязбековду Алмазбек Атамбаевдин үйүнүн биринчи кабатында АК-47 менен атып кетишкендигин көрсөткөн. Бул көрсөтмөлөр мен тараптан ЖМКларга айтылган” – деп жазды.

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости