www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Сооронбай Жээнбеков ушул жылдын февраль айында коопсуздук кеңештин жыйынында сүйлөп жатып абактарда күнөөсү далилденбегендер дагы акыйкатсыз соттордун айынан олтургандыгын баса белгилеген. Дал ушул президент айткандай күнөөсү далилденбей абакта олтургандардын бири мурдагы мүлктү башкаруу фондунун төрагасы Болсунбек Казаков деп койсок болот. Болсунбек Күмүшбекович саясаттын жана кимдир бирөөнүн кызыкчылыгынын курмандыгы болбош керек. Себеби ал эгемен мамлекеттин ичинде өзү жаш туруп бир нече иштерде иштеген, барган жерин гүлдөткөн, акылдуу, билимдүү, иш билги жетекчи экендигин баары билет. Атанын мыкты уулу катары өз абийиринин кулу болуп эч качан биздин каарман арам иштерге бармак эмес. Бүгүнкү күндө аны мыйзамсыз кармап алып же түзүктөп күнөөсүн мойнуна тага албай олтурушкан кези. Дээрлик укугу бузулуп, 3 ай сураксыз, жада калса үй-бүлөсү менен кездештирбей кыйноого кабылган ММБФнын фондунун мурдагы жетекчисинин үнү угулбай жаткан кези. Бир кезде эң жогорку кызматта ак иштеп келе жатып эле абакка түшүп калганы албетте оор сокку экендиги талашсыз. Сот иштерин ачык жүргүзїлбөй, күбөлөрдү таппай, кимдир бирөөнүн буйрутмасын аткарып жаткан сот аткаруучулар дагы учурда камап алып чыгара албай же күнөөлөй албай жатышкан кези. Биз мурдагы атка минердин абалы, учурдагы укугунун канчалык деңгээлде корголуп жаткандыгы боюнча жактоочусун кепке тарттык.

--Максат мырза, саламатсызбы, учурда сиз мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун мурдагы Төрагасы Болсунбек Казаковдун жактоочусу болуп жаткан экенсиз. Учурда анын абалы кандай?

--Саламатчылык, чынын айтсам акыбалын өтө жакшы деп айта албайм. Себеби анын укуктары улам бузулууда. Себеби 3 ай же күнөөсүн тастыктабай, же кылмышын мойнуна койбой, же тергөөгө алып барбай жөн гана камап коюшту. Канчалык аракет кылганыбыздан майнап чыккан жок. Албетте, Болсунбек Күмүшбекович өзүн татыктуу алып жүрүүгө болгон күч аракетин жумшап жатат. Кайраты бар, өзүнүн ак экенине жана акталуусуна толугу менен ишенет. Бирок иш абдан созулуп кетти. Менин коргоого алып жаткан адамымды жөн гана кызыктар тараптын кызыкчылыгын коргоо максатында камап салышкан. Негизи Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык кайсыл бир адамды камоого алаарда анын иштерин териштирип, өзүн дагы алдын ала суракка чакырып, баардыгы тастыкталган соң камакка алыш керек. Болсунбек Казаковду болсо камап алып анан тергөө жүргүзүп жатышат. Бул адамдын баш коргоо чарасына карата одоно мыйзам бузуу болуп эсептелинет. Буйруса сөзсүз акталып кетет деп ишенем. Буга өзү да ишенет.

--Камакка алынгандан кийин колдоо күтүп Сооронбай Жээнбековго кат дагы жазыптыр. Сиз тааныш болсоңуз керек...

--Негизинен каттын мазмуну менен таанышмын. Анткени анын азыр эч ким менен жолугушууга уруксаты жок. Болгону мен гана коомчулукка акыбалын пикирин жеткирип турууга милдеттүү болуп жатам. Өлкө башчысына кат жазып, өзүнүн ак экендигин айткан. Бирок азырынча таптакыр реакция боло элек. Бирок Болсунбек Күмүшбекович ажобуздан акыйкаттуулук күтөт, ишенет. Анткени кызматтарга өзү дайындаган, өзү кабыл алып жакшы иштеп берүүсүн өтүнгөн экен. Өз катында 

“ Сооронбай Шарипович, бүгүнкү күнү мен саясий колдоо көрсөтүүңүздү жана жазык ишин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын чегинде объективдүү жана ак ниет териштирүү максатында жазык ишин териштирүүнү жеке карооңузга алууңузду өтүнөм. Мен саясий колдоону бүгүнкү күнгө чейин укук коргоо системасында иштеп келген айрым таза эмес, ак ниет эмес адамдарга жана мен Фонддо иштеп турган мезгилде алардын суроо-талаптарын аткарбай койгондуктан, өч алууга кызыкдар жактарга мени каралаган жана жалган маалыматтарды таратуу аркылуу өз максаттарын жүзөгө ашырууга жол бербөө үчүн суранам. Менин ата-энем, окутуучуларым, насаатчыларым өлкөнүн, элдин жыргалчылыгы үчүн эмгектен деп үйрөтүшкөнүн белгилеп кетким келет. Мен үчүн өзүмдүн, ата-бабаларымдын булганбаган таза кадыр-баркы өз өмүрүмдөн дагы жогору турат жана мен Кудайымдын, өз элимдин, Сиздин жана өзүмдүн алдында таза экендигимди толук эс-акылым менен ишендире алам жана мыйзамдарды бузган эмесмин, мыйзамга каршы кандайдыр бир иш-аракеттерди аткарган эмесмин” деп айтты. Бул кайрылуу кайдыгер калбайт. Биз буга ишенебиз.

--Демек ал үй-камагына чыгарууну суранып жаткан экен, ден соолугу жайында элеби? Турциядан оор акыбалда дарыланып келгенин көпчүлүк билет...

--Ден соолугунан кыйналып жатканы чын. Дары дармектерди толук киргиздирбей, доктурлардын көзөмөлүнөн дагы толук өтө албай кыйналууда. Күн сайын ден соолугунан жабыркап жаткандыгын жашырбайбыз. Бул боюнча өтүнүчтөрүбүз улам четке кагылууда. Бирок ден соолук менен ойнобоо керек. Ар бир адам кайсыл гана жерде олтурбасын толугу менен укугу сакталууга тийиш.

Ошондой эле ага байланыштуу бөгөт коюу чарасын өзгөртүү мүмкүнчүлүгүн, башкача айтканда бөгөт коюу чарасын үй камагына алмаштырууну кароодо көмөктөшүүсүн президенттен суранып кат жөнөттү. Анткени 2015-жылы Түркияда калкан безинин зыяндуу шишигин алып салуу боюнча операция болгон. Бүгүнкү күнү ушул оорунун кесепетинен метастаздын (жайылып тарашы) белгилери байкалууда жана ооруканага жатып, дарылануу талап кылынууда. Башкалардай коомго сөз болбойлу деп төрт айдан бери муну жашырып келе жатканбыз. Бирок акыркы убакта акыбалы оорлошуп жаткандыктан аргасыз ачыкка чыгардык. Жок дегенде Өмүрбек Текебаев сыяктуу эле ооруканага которуп дарыланууга мүмкүнчүлүк берүүсүн суранып жатабыз. Болсунбек Күмүшбекович дагы Кыргызстандын жараны катары дарыланууга укуктуу. Ал өз абийиринин алдында, мыйзамдын чегинде таза экендигин билет, андыктан эч кайда кетпейт. Билесиздер, онкологиялык дарт билинбейт бирок, ден соолукту карап убагында дарыланып турбаса күчөп кетиши мүмкүн. Эгерде ишенбегендер болсо сөзсүз Түркиянын доктурлары берген аныктамаларды коомчулукка чыгара алабыз.

--Болсунбек Күмүшбековичке камакка алынаарда алдын ала эскертүү берилгенби же чакыртылганбы?

--Камакка алууда ага жактоочу да чакырууга уруксат беришпей өзүн алдап алып кетишкен. Мурда кийин тергөөгө чакырбай, сен убактылуу эс алып тур деп анан  жолугушууга чакырып туруп камап салуу буга чейин болуп келгенин билебиз да. Дал ушундай эле көрүнүш болду. Орун басары Бактыбек Мураталиев экөөнүн камакка алынганына төрт айдан ашып баратат. Же күнөөсүн тастыктай алышпай улам сотту жылдырышууда. Алтымыштан ашык кишини сурадык деген гана күмөндүү сөздөрдү айтышпаса бирөө да ага каршы көрсөтмө беришкенин айта элек. Негизи төрт айдан бери мен жана өзүн жана мурунку орун басары Бакытбек Мураталиев Чүй облусунун Аламүдүн районунун Таш-Дөбө айылында жайгашкан 12,4 га жер тилкесинде курулган курулушту төмөндөтүлгөн нарк менен сатылган деп козголгон жазык ишинин алкагында айыпталып, кармалганына байланыштуу тергөө камак жайында. Болсунбек мырза «Идеал Хаус» объектисин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык менчиктештирилгенин тастыктай алат. Бул объектти сатууда Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген бардык жол-жоболор сакталган. Мыйзамды сактаган жок деп айыптап жаткан тарап деле мойнуна ал баш тарта албай турган айыпты коё элек. Кыскасы ар бир сот сайын мыйзам бузууга туш болуп, же күнөөсүн койбой, же актап ийбей күрөшүп жатабыз. Буйруса сөзсүз акталат, ал акталууга тийиш.

--Коюлган беренелер оор, бирок далилдер болуудабы?..

--Оор берене коюлганы менен адам ынана турган далилдер жок. Ошол эле менин коргоого алган адамым күнөөлөнүп жаткан иштерди жактоочу катары толугу менен карап чыктым. Мисалы 2013-жылдан тартып, ишке ашыруу максатында бул объектке бир нече ирет баалоо жүргүзүлгөн, ошону менен бирге 2013-жылы «Славянский Восток» ЖЧКсынын көз карандысыз баалоочу компаниясынын баалоосу боюнча объекттин наркы 58 100 000 сомду түзгөн. Ошол эле жылы Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин Коррупцияга каршы кызматы тарабынан баалоо жөнүндө баштапкы отчеттун мыйзамдардын талаптарына ылайык келиши текшерилген жана натыйжада бул объект экинчи ирет «Капитал Плюс» ЖЧКсынын баалоочу компаниясы аркылуу бааланган.Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин Коррупцияга каршы кызматы ишинин жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын дарегине өз ишин бүтүргөндүгү жөнүндө маалымат жана «Капитал Плюс» ЖЧКсынын баалоочу компаниясынын аталган объектти баалоо жөнүндө отчету жиберилген, мында баалоо наркы 88 500 000 сомду түзгөн. 2014-жылы 5-мартта бул маселе Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешининин Экономика жана фискалдык саясат боюнча комитети тарабынан  каралган, натыйжада жумушчу жана эксперттик топтор түзүлгөн. Жумушчу жана эксперттик топтор жүргүзгөн иштин натыйжасында 2014-жылдын 1-апрелинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономика жана фискалдык саясат боюнча комитети тарабынан ачык аукциондо объектти сатуу жөнүндө тиешелүү чечим кабыл алынган. Анан кантип көп адамдар иш алып барган жерде жалгыз эле ошол убакта фондду башкарып турган Болсунбек Казаков күнөөлүү болуп калат? Кыскасы түшүнүксүз жагдайлар ого эле көп. Тергөө камак жайында болгон 4 айдан бери тергөөчү жетекчиси Мамбеталиев Нурлан, Жумабаев Азамат бизди суракка бир дагы жолу чакырган жок, эч кандай тергөө иштерин жүргүзгөн жок, жөн гана тергөө камак жайында кармап жаткандыгын өзгөчө белгилей кетким келет. Бул ачык эле мыйзам бузуучулук.

--Ошол убактагы Вице-премьер-министри В.И.Диль тарабынан Фондго белгиленген тартипте объектти менчиктештирүүнү камсыздоо тапшырылган, демек фонд ошол тапшырманы гана аткарган да туурабы?

--Тапшырманы аткаруу үчүн объектти баалоо мөөнөтү өтүп бара жаткандыктан, Фонд тарабынан белгиленген тартипте “Азия оценка” ЖЧКсынын баалоочу компаниясы тартылган, ал 2015-жылдын 28-августуна карата абалы боюнча объекттин наркын 242 млн.362 800 сом суммада белгилеген.Кийин баалоо боюнча иштин жыйынтыгы боюнча бул объект 2015-2016-жылдары аукциондорго коюлган жана катышууга өтүнмө берилбегендиктен сатылган эмес. Сатылбаган жайды эми коррупцияга шектүү катары баалоо акылга сыйбайт, мыйзамга болсо таптакыр туура келбейт.

--Биз билгенден Болсунбек Күмүшбековичти азыркы президент Сооронбай Жээнбеков өзү мамлекеттик мүлк фондунун башчысына дайындаган болуш керек?

-- Сооронбай Шарипович өкмөттү башкарып турганда 2017-жылдын 20-январында буйрук менен Фонддун төрагасынын кызмат ордуна дайындалган. Ал кезде  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин директору болчу. Фонддун жетекчиси катары анын бир топ милдеттери дагы бар эле. Ал милдеттерин чын дили менен берилип иштегенин коомчулук көрүп эле турду. Эгерде начар иштеген болсо, азыр айыпталып жаткандай иштерин көрсө биздин коомчулук менен журналисттер карап турмак эмес. Болсунбекке мамлекеттик мүлктү натыйжалуу башкаруу жана тескөө, тактап айтканда мамлекеттик ишканаларды ылайыкташтыруу, мамлекеттик мүлктү инвентаризациялоо, конфискацияланган мүлктү мамлекеттин менчигине кабыл алуу, мамлекеттик мүлктү башкаруудан жана тескөөдөн республикалык бюджетти толтуруу боюнча бардык зарыл болгон чараларды көрүү милдети коюлган. Өзүнүн айтымына караганда Фонддун төрагасынын кызмат ордуна дайындалып жатканда маектешүүдөн өтүптүр. Фонддун алдына коюлган милдеттерди ишке ашыруу үчүн саясий колдоо көрсөтүүнү өтүнгөнүн айтты. Анткени Фонддун алдына коюлган милдеттерди ишке ашырууда, тактап айтканда мамлекеттик  ишканаларды ылайыкташтырууда, кайра уюштурууда, мамлекеттик мүлктү инвентаризациялоодо, конфискацияланган мүлктү, ошондой эле карыздын эсебине мамлекеттин менчигине кабыл алынган мүлктү кабыл алууда улутташтырылган объектилерди менчиктештирүүдө кызыкдар жактар тарабынан келтирилген оор кыйынчылыктарды жеңүү керек болгон. Милдеттерин ар кандай коррупциялык иштерге аралашып аткарса жок дегенде бир адам айтып чыкмак. Эч нерсе болбой туруп эле айыпка жыгуу туура эмес. Биз эгемендүү, адам укуктары сакталган өлкөдө жашайбыз. Анын бир гана максаты, өлкөдө таза иштөө болгон, эми ал ушул иште кайсы бир саясаттын курмандыгы болбой акталып чыгууну каалайт.

-- Былтыр интернеттин баасы көтөрүлөт деп жатканда дагы Болсунбек Казаковду казактар менен сүйлөшүп баасын түшүрүүгө Сооронбай Жээнбеков өзү жумшаган дешет...?

--Ал убакта Сооронбай Шарипович өкмөт башчы болчу. Казактар интернеттин баасын көтөрөбүз деп Кыргызстанга талаптарын коё башташкан. Биздин интернет колдонуучулардын арасында бул чоң резонанс болгон. Сооронбай Шарипович Казакстан Республикасындагы тиешелүү адамдар менен сүйлөшүп келүүгө жалгыз Болсунбек Күмүшбековичти жумшаган. Бир жумадай убакыттын ичинде адамдар менен сүйлөшүп, баа көтөрүүгө кызыктар адамдарды таап бааны түшүрүп келген. Муну ал бир дагы басылмага мактанып айткан эмес, журналисттер, сиздер дагы байкабай калдыңыздар. Мун менен мен коргоп жаткан адамымдын иш билги экендигин айткым келет. Балким президентибиз ушуларды эске алса иштей турган адамдын орду түрмөдө эмес, кызматта экендигин эске алаар деп ойлойм.

--Болсунбек Казаковду орун басарын кошуп мурдагы өкмөт башчысы Сапар Исаков кызматтан алыптыр...

--Республиканын тарыхында биринчи жолу “Мамлекеттик мүлктүн эсебин алуу жана инвентаризациялоо” деген электрондук программа түзүлгөн жана колдонууга киргизилген. Тилекке каршы Сооронбай Жээнбеков  Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин кызмат ордунан кеткенден кийин «Кыргызтелеком» ААКтын базасында «Коопсуз шаар» долбоорун киргизүү, «Учкун» ААКтын жана «Гознак» ЖЧКсынын базасында мамлекеттик багыттагы документтерди даярдоо сыяктуу долбоорлор жүзөгө ашырылган эмес. Анткени ошол убактагы Кыргыз Республикасынын Премьер-министр Сапар Исаковдон колдоо таппай, кийин ал Болсунбек Казаков менен орун басарын дагы кызматтан бошоткон.

--Жалпысынан мүлктөрдү Кыргызстанга кайтарып алууда канча сом болгонун айтып бере аласызбы?

-- Мамлекеттик мүлктү натыйжалуу башкаруунун натыйжасында республикалык бюджетке 2.8 млрд. сомдун келип түшүшү камсыздалган. Тапшырманы аткаруу үчүн алардын балансындагы мамлекеттик мүлктү натыйжалуу башкаруу үчүн мамлекеттик ишканаларды ылайыкташтыруу жана мамлекеттик каражаттардын чыгымдоо бөлүгүн кыскартуу боюнча олуттуу иш аткарылган. Ошону менен бирге, ылайыкташтыруудан, кайра уюштуруудан жана жоюудан кийин 1000ден ашуун мамлекеттик ишканалардан 130 мамлекеттик ишкана калган. Фондунун алдына мамлекеттик ишканаларды 30 ишканага чейин ылайыкташтыруу милдети коюлган. Бирок алар бул милдетти аткаруу үчүн жетишпей калышкан. Анткени камалып кетишти.

--Өзү бул иштер боюнча эмне деп жатат?

--“Мен Фонддо иштеп жаткан учурда көпчүлүк адамдар конфискацияланган объектилерди жана карыздын эсебине мамлекеттин менчигине кабыл алынган объектини мамлекеттин карамагына кабыл албоону сунушташкан, бирок мен мындай сунуштун бирин дагы кабыл алган эмесмин, тескерисинче мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн гана иштегемин. Ошол убакта алар материалдык жактан мүмкүнчүлүктөрү жана укук коргоо органдары менен байланыштары бар экендиктерине таянып,коркута баштаган.Бирок менен ошол убакта мамлекет үчүн ачык, ак ниет иштесем, ким мага зыян келтире алмак эле деген ойдо болгомун. Бирок акыркы 4 айдын ичинде алардын коркутуулары айрым таза эмес аткаминерлер, укук коргоо органдарынын кызматкерлери тарабынан жүзөгө ашырылышы мүмкүн экендигине ишендим” деп айтты. Азыр деле өзүнүн ак экенине ишенет жана жогорку кызматтагылардан, өзгөчө президенттен жеке колдоо күтүп жатканын жашырбаймын. Президенттин коррупция менен күрөшүү алкагында жүргүзгөн иш-аракеттерин толугу менен колдойт жана кыргыз Республикасынын өнүгүп-өркүндөө жолунда ушундай туура кадамдарын илгерилетүүдө бирге болгусу өз өлкөсүнө кызмат кылгысы келет.

--Негизи «Идеал хаус» боюнча чыр болуп жатат. Менчиктештирүүгө чыгарууда иш мыйзамдуу жүрүптүрбү?

--Ооба, баардыгы мыйзамдын чегинде гана каралган. Ошол убакта мамлекеттик мүлктү башкарып турган адам эч кандай мыйзам бузууга барган эмес. 2017-жылдын 15-майында Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2017-жылга программасынын максаттарына жетүү жана милдеттерин аткаруу боюнча КР Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунун төрагасынын милдеттенмелеринин иш-аракеттер планы (ММБФнын Планына ылайык 2017-жылдын аягына чейин Чүй облусунун Аламүдүн районунун Таш-Дөбө айыл өкмөтүнүн аймагында жайгашкан жер тилкесиндеги курулушту (имарат) менчиктештириши керек болчу)-КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 30-январындагы отурумунун протоколдук тапшырмасы (ММБФга улуттук объектилерге байланыштуу сот иштерин чечүү жана сатуу боюнча ишти тездетүү тапшырылган, анын ичинен «Идеал Хаус» объекти) КР мыйзамдарын жетекчиликке алып, объект 2017-жылдын май айында кайрадан баалоого жиберилген. Фонд тендердик негизде тандаган «Капитал+» ЖЧКсынын баалоочу компаниясы тарабынан Аткарылган иш жөнүндө отчет берилген, анда объекттин баштапкы баасы 2017-жылдын 9-июнундагы баалоо боюнча 127 млн. сом суммада белгиленген. Мурда бул объектинин наркын баалоонун айланасында, анын аныктыгына жана объективдүүлүгүнө карата маселелер келип чыкканын эске алып, Фонд жогоруда аталган отчетту изилдөө жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык келишин текшерүү сунушу менен КР Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин Коррупцияга каршы кызматынын дарегине жөнөткөн. Биз бул иш башталганда коопсуздук кеңешке кат жолдоп, ушул иштер аткарылып жатканда мыйзамсыздык орун алса айтуусун өтүндүк. Эч кандай мыйзам бузуу жок экендигин айтып токтом чыгарып беришти. Ошондуктан Болсунбек Күмүшбекович тез арада соттон акталып жок дегенде үй камагына чыгышы керек.

Баян Кулова

Булак: “Де-Факто”

Последние новости