www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин “Республика - Ата-Журт” фракциясынын депутаты Максат Сабиров парламенттин маалымат катчысынын депутаттын кармалышы тууралуу айткандарын төгүндөөсүн талап кылды. Сабиров мындай пикирин бүгүн парламенттеги жыйында төрагага кайрылып билдирди:

- Жогорку Кеңештин маалымат кызматы “депутат Дамирбек Асылбек уулунун кармалышына парламенттин тиешеси жок, биз карабайбыз” деп айтканы интернетке чыгып кетти. Ушул нерсени төгүндөп, маалымат бердиртип койсоңуз. Анткени биз комитеттен карадык, фракция карап жатат, сиз кат жөнөтүп жатасыз. Бул туура эмес. Көңүл буруп жатабыз. Биз ачык жыйынга алып чыккан жокпуз, бирок маселени карап жатабыз да.

19-февралда Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын башчысы Ибрагим Нуракун уулу депутат Дамирбек Асылбек уулунун Казакстанда кармалышы тууралуу комментарий берип, төрага Дастан Жумабеков бул ишке кийлигишпей турганын айткан:

- Төрага эч кандай билдирүү жасабайт. Бул боюнча тергөө жүрүп жатат. Депутаттын камалышы Жогорку Кеңешке байланыштуу эмес. Ал депутаттын өз иши. Төрага, Жогорку Кеңеш депутаттарга каршы кылмыш иши козголгондо же тергөө, сот болуп жатканда буга чейин да аралашкан эмес, мындан кийин да аралашпайт. Регламент боюнча эгер айыбы далилденсе, депутат өзү жооп берет.

Казакстанда кармалган кыргызстандык депутат Дамирбек Асылбек уулу, андан тышкары дагы эки кыргызстандык Уланбек Мурадилов менен Чыңгыз Абакиров 19-февралда эки айга камакка алынган. Алар "ири өлчөмдө аткезчилик кылган жана трансулуттук кылмыш тобуна тиешеси болгон" деп айыпталууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости