www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мурдагы президент Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиевге таандык болгон Бишкектеги жер президенттин иш башкармалыгынын менчигине өттү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев билдирди.
Анын айтымында, аталган жерлер Скрябин көчөсүндө 45 жана 45 А дареги боюнча жайгашкан. Президенттин иш башкармалыгы аталган жерлерге көп кабаттуу үй курууну пландап жатат.
«Бишкек башкы архитектура» мекемесинин депутатка берген жообунда, аталган жер тилкеде көп кабаттуу үй менен бирге башка объекттер, анын ичинде бала бакча да куруу каралганын билдирген.

Булак: NazarNews.kg