www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мактаган кыз тойдо осурат

Камчыбек Узакбаев деген Бишкектеги "Эне жана баланы коргоо борборунун" түшпөс директору бар. Ал кишинин баласы Узакбаев Улук Камчыбекович Ысык-Көл районуна прокурор болуп келген эле. Бул жигит президент Сооронбай Жээнбековдун Украинадагы посол агасы Жусупбек Шариповду аялы менен кошо Ысык-Көлгө эс алууга барганда 7-август күнү аябай сыйлаптыр.

Сый тамак Салымбековдун Бостеридеги "Номад" аттуу амфитеатрында берилиптир. Аталган жай негизинен кошоматчылар чиновниктерди сыйлаган жайга айланып калды дешет. Ал жерде Жангороз Каниметов аялы менен, Камчыбек Узакбаев аялы менен болуптур.

Ысык-Көл районунун прокурору Улук Узакбаев ар бир барган элчи, посолдорго ушундаи көңүл бурабы же? Өзүнүн шефи Өткүрбек Жамшитовду да мынчалык сыйлабаса керек эле? Жусуп Шариповичтин кызын Жангороз Каниметовдун баласы алган. Ал баласы учурда Каракол шаарында вице мэр болуп иштейт. Ал жакында эле аталган шаар мэри Данияр Арпачиевди кызматынан кетире албай калды окшойт.

Сыягы, Камчыбек Узакбаев Жусупбек Шариповго кудасы Жангороз Каниметов аркылуу чыккан окшобойбу. Эске сала кетсек, Узакбаевдер үй-бүлөсү менен президенттик шайлоодо Сооронбай Жээнбековдун оппоненти Өмүрбек Бабановго чуркап беришкен эле.

Эми минтип президент болгон Сооронбай мырзанын туугандары алар менен ымала кылып, эмне маселени чечип жатат деген суроо туулат экен? Кошоматчылык, "көчүккө пахта коймой" деген сыяктуу адаттар арбып бара жатканы өкүндүрөт. Жусуп Шариповду сыйлап, Жээнбековдордун мыктысы деп келебиз. Бирок президенттин бир тууганы чиновниктердин чайын ичпей эле койсо...

Асылбек БЕКТЕНОВ

Булак: "Ачык саясат плюс" гезити

Последние новости