www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Малайзияда адам келбеттүү козу туулду

Фермер жаңы туулган козу жаныбарга караганда жүндүү наристеге окшош экенин айтып берди.

Малайзияда Фельда шаарчасындагы фермалардын биринде адам келбеттүү козу туулду. Бул тууралуу Улуу Британиянын Тhe Mirror басылмасы жазып чыкты Ибрахим Басир аттуу жергиликтүү тургун өзүнүн сарайынан көргөн козунун сүрөтүн социалдык тармакка жарыялаган. 

Анын айтымында, козу жаныбарга караганда жүндүү наристеге көбүрөөк окшош. 

"Мен абдан таң калып жатам. Мен адамдын мурду менен кыска буттарын көрдүм. Мунун бардыгы жүндүү наристени элестетет", — деп билдирет 63 жаштагы фермер.  Уникалдуу козу болгону эки саат жашаган. Сүрөт социалдык тармактарга жарыялангандан кийин козунун денесин сатып алууну каалагандардын саны арбыган. Бирок фермер адистердин изилдөөсүнө берүүнү туура көрүп, Ветеринария кызматына өткөрүп берген.

Булак: sputnik.kg

Последние новости