www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Журналист Андрей Малаховдун шоусунун кызматкерлери Ирина Отиеванын кызынын чачын уурдап кетишти, ал эми ырчынын өзүн аракеч деп койду. Бул тууралуу Отиева өзү “Собеседник” басылмасына айтып берген.

Январь айынын аягында “Россия” телеканалында Андрей Малаховдун “Прямой эфириндеги” Ирина Отиевага арналган эпизоду көрсөтүлгөн. Анда ырчы байланышка жана үйүнөн чыкпай жатат, ичип атат, аны араң тааныйсың деп айтылган.

“Менин бетим менен бир жарым саат соода кылышты, а акча сунушташкан жок”,-деп ырчы басылмага айткан.

Анын айтымында, Андрей Малаховдун кызматкерлери анын “макияжы жок, кечки кийимчен, ооруп жаткан” интервьюсун жашыруун камерага тартып алышкан. Ошондой эле, анын уруксаты жок эле тарткан факт менен мындай жийиркеничтүү көрсөтүүгө миллион рубль талап кылмактыгын кошумчалады.

“Малаховдон мындайды күткөн эмесмин! Мен ал менен 25 жыл иштегем. Мага бир аз жумшагыраак мамиле кылса деле болмок”,-деп Ирина Отиева билдирген.

Мындан сырткары, бир нече жыл мурун Андрей Малаховдун шоу программасында журналисттин кызматкерлери анын кызынын атасы ким экенин тактап, ДНК тест өткөрүү үчүн тарагынан чачын уурдап кетишкенин айтты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости