www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өз кызын зордуктап жүргөн кишиге өкүм чыкты

Ош облусунун Араван райондук соту өз кызын зордуктаган кишиге өмүр бою эркинен ажыратуу чечимин чыгарды. Бул тууралуу NazarNews.kgге Араван райондук прокуратурасынан билдиришти.

Тергөөнүн жүрүшүндө шектүү өз кылмышын мойнуна алган.

“Шектүү айылдашынын малын багып жүргөн. Тоодон айына эки ирет айылга түшүп, кызын зордуктап жүргөн. Кишинин жубайы рак оорусунан улам каза болуп калган. Анын 15 жаштагы кызынан сырткары 3 баласы бар болгон. Балдар кишинин апасы, эжеси жана жабырлануучу кыз менен чогуу жашашат. Шектүүнүн күнөөсү тиешелүү экспертизалардын натыйжасында далилденди”,-деп прокуратурадан билдиришти.

Эскерте кетсек, 45 жаштагы киши 2019-жылы декабрда кызын зордуктоого шектелип кармалган. Туугандары аны гинекологдун кароосунан өткөрүшкөндө кыз бир жылдан ашуун убактан бери зордукталып жүргөндүгү белгилүү болду.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости