www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Какшык-төр!

Малдар жөтөлбөй, ичи өтпөй, температура болбой, кызамык чыкпай, кускусу келбей, башы айланбай, айтор баары жакшы болуп атат. Эмнеге деп таң калып атсак көрсө, башкы мал доктур өл-лө иштеп атыптыр. Чын эй! Байкуш, аракет кылып аткандай. Аа баса, Башкы ветеринар Калысбек Жумакановду таанысаңар керек ээ. Ой кадимки эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча инспекциясынын директору болуп эмгектенген Калысбек Жумаканов дегенди айтып атам.

Күн ысып, көчө боюнда, базардын өтмө жолдорунда, кыскасы «илибой» жерде сатылып аткан тамак аштар эч кимди «отравление» кылбай, ден соолуктарына зыян келтирбей, «сурогу» өтүп кетип, ирип-чирибей жыргап жатабыз. Мунун баары так ушул Калысбектин эмгеги. Койлордун маңкасы акпай, уйлар сайгактабай, айгырлар ашыкча эле бээлерди кубалай бербей айтор алардын да «температурасы» «нормада». Бул да Калысбек Жумакановдун эмгеги, мээнети.

Анан ушу кишини кантип тааныбай койо аласыңар?! "Жумаканов деген эргул кайдан чыккан, кимдин көлөкөсүндө күн көрөт, мурда кийин кайда, кандай иштеген, дегеле бул адамдын биздин коомго жетекчи катары кандай пайдасы бар?" өңдүү быдылдак суроолоруңарды жаадырганы турсаңар жообу даяр. Анткени, Калысбек мырза бул тармакта биринчи жолу жетекчи болуп олтурган жок. Экинчи жолу келип атат. Биринчи жолкусунда, тээ Бакиевдин заманында аталган тармакта жетекчи катары иштеп, иштин көзүн билбеген чабал жетекчи болгонунан улам Калысбек мырза «көчүккө» тебилип кете берген. Бирок, арадан убакыттар агылып өткөн соң «Саясый куугунтук жедим» деген жүйө менен кайра бул жакка келген.

Эми минтип, Жумакановдун доорунда «кой менен карышкыр дос болуп, мышык менен ит бир үйдө бактылуу жашап» дегендей өлкөнүн ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук жаатында эч маселе жок. А тургай малдар да Калысбек Жумакановдун аракети менен шарп, күл, оспа, кутурма, ящур сыяктуу көп сандагы оорулардан таптакыр так кесе айыгып, атургай андай оорулар жоюлуп кетти. Эч кандай эмдөө-семдөө дегенди жүргүзбөй, этпей туруп эле... Кыскасы, жашасын «ойношу» күчтүү, опей, «колдоосу» күчтүү Калысбек Жумаканов!..

Булак: "De-facto"  

Последние новости