www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мамлекеттик Думанын Крым облусунан шайланган депутаты Михаил Шеремет Владимир Зеленскийдин саясатчы катары күндөрү саналуу экенин айтып, ага качуу тууралуу ойлонууну кеңеш кылды.
«Криминалдык Киев режими мындан ары анын батыш кожоюндарына керек болбой калат, Зеленский жана анын коррупциялашкан клиби башаламандыкка учураган Украинадан качууга аргасыз болот», - деди парламентарий РИА Новостиге берген маегинде.
Буга чейин АКШ бийлиги Украинанын президенти Владимир Зеленскийди коопсуздук максатында Киевден Львовго кетүүгө үндөгөнү кабарланган. Америкалык бийликтердин кайсынысы украин лидерине борборду таштап кетүүгө кеңеш бергени тактала элек. Мындай сунуш кандай өзгөчө кооптонуулар менен байланышканы да билдирилген эмес.
Булак: NazarNews.kg