www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2-көрүнүш:
Айыл чарба министри: Кыргызстанга эмнеге келдиңиз?
Шурик: Экспедиция, айыл чарба товарлары боюнча...
Айыл чарба министри: Айыл чарбага керектүү шайман издеп атасызбы?
Шурик: Таптакыр андай эмес. Мен саясий такмазаларды издеп жүрөм. Мен сизден саясий азилдерди, жомокторду, тостту жазып алам. Парламенттик шайлоодо кереги тиет!
Айыл чарба министри:- - Эмне, сизге тост керекпи?
Шурик: - Кудай буюрса, ооба.
Айыл чарба министри: Виносу жок тост, колуктусу жок нике кыйган түнгө окшош.
Шурик: - Жок, мен ичпейм да.
Айыл чарба министри: Мен эмне, ичип атамбы? Бул жерде иче турган эчтеке деле жок.
Шурик: Сиз мага туура түшүнгөн жоксуз. Мен таптакыр ичпейм. Түшүндүңүзбү? Ден соолугума жакпайт. Мен пиво гана ичем.
Айыл чарба министри: Чепуха, ушул тууралуу биринчи тост. Менин чоң атамдын атасы айтчу экен: там сатып алууга каалоом бар, бирок мүмкүнчүлүгүм жок. Теке сатып алууга мүмкүнчүлүгүм бар, бирок каалоом жок. Биздин каалоолорубуз мүмкүнчүлүктөрүбүз менен дал келиши үчүн алып жиберели! (Алып жиберишет).
Шурик (ыйлайт)
Айыл чарба министри: Эмне ыйлап атасыз?
Шурик: Акылбек Жапаров эске түшүп кетти. Президент болсом муну эң биринчилерден жоготмокмун.
Айыл чарба министри: Акылбек Жапаров эмне кылды?
Шурик: Мына бир жылдан бери жаңы өкмөт иштеп жатат. Кабмин башчысы Акылбек Жапаровдун айыл чарба саясатына баа бербесек түшүнүксүз. Тилекке каршы, жакшы баа берүүгө негиз көрбөй турам. Алсак, Евразия экономикалык биримдигинин артыкчылыгын колдоно албай келебиз. Ал уюмга кирүүнүн башкы максаттарынын бири – бул азык- түлүк продуктуларын экспорттоо болгон.
Аныгында, тескери көрүнүш орун алды. Орусиянын, Казакстандын уну, өсүмдүк майы, Беларустун сүт азыктары биздин ички рынокту ээлеп, кыргыз дыйкандарынын мээнетине кедергисин катуу тийгизип жатат. Мисалы, ун азыгын алалы. Кыргыз ССРинин колхоз-совхоздорунда жылыга 500 миң тонна буудай өндүрүлчү. Жетишпегенин союз берчү. Кыргызстан эгемендик алганда эл ачарчылыкка кептелген.
Бирок кыргыздын жаңы эркин дыйкандары реформанын биринчи этабында эле, 1998- жылы, 1 миллион 200 миң тонна буудай өндүрүшкөн. Калктын керектөөсү 120 пайызга камсыздалган. Учурда өкмөттүн алсыз, чабал саясатынын натыйжасында кайра болгону 500 миң тонна буудай өндүрүп, Орусия жана Казакстанга көз каранды болуп калдык.
Өкмөт айыл чарба экспорт маселесин таптакыр чече албай койду. Андан тышкары, Акылбек Жапаров кыргыз айыл реформасына эки жолу сокку урду. Биринчиси, дүйнөлүк эталон болгон кыргыз айыл чарба салык системасын президенттин жарлыгы менен (6-декабрь, 2021-ж.) жоюп салып, эми ал айыл өкмөттөрүнө түшчү төлөмдү өлкөнүн бюджетинен жапканы жатат. Айта кетсем, мисалы, Грузияда салыкты президенттин жарлыгын мындай кой, ал эмес парламенттин мыйзамы менен да өзгөртө алышпайт. Эгер бийлик салык системасын өзгөртүүнү чечсе, анда жалпы элдик референдум өткөрүүгө аргасыз болот. Биздегидей мыйзамдарга «түкүрүк» мамиле аларда мүмкүн эмес.
Экинчи соккусу, Акылбек Жапаров өткөн жылы 17-декабрда өзүнүн 309-токтомуна ылайык, эркин дыйкандар ижарага алып иштетип жүргөн айдоо жерлерди айыл чарба министрлигинин карамагына өткөрүү чечимин кабыл алган. Бирок аны ишке ашыра албай келатат. Себеби, ал токтомду аткарып кирсе, анда аймактагы дыйкандар көтөрүлүп, борборго чогулушуп, Көк үйдү талкалап, өрттөп кетиши мүмкүн. Демек, «эсиң барда этегиңди жап» дегендей, ал токтомду эртели-кеч жоюш керек болот.
«Кавказ туткуну» фильминин кыргызча варианты
ФБда сатиралык сериал
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg