www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Дүйнөдөгү азыркы кырдаалга жана Украинадагы окуяларга, анын ичинде атайын аскердик операцияга аныгында Орусия эмес, Батыш алып келди. Бул тууралуу РФ президенти Владимир Путин билдирди.

Мамлекет башчы "Валдай" эл аралык дискуссия клубунун XIX отурумунун пленардык сессиясында сүйлөдү.

"Учурда дүйнөдөгү кырдаалга жана Украинадагы окуяларга биз эмес, Батыш алып келди. Ал жактагы мамлекеттик төңкөрүшкө жана атайын аскердик операцияга биз жеткирдикпи? Жок, биз ал нерселерди жасаган жокпуз", — деди Путин.

Ошондой эле ал Түндүк Атлантика альянсы (НАТО) көптөн бери Украинанын аймагына жайгашып, ээлей баштагандыгын белгиледи.

Эске салсак, Орусия Украинаны демилитаризациялоо жана денацификациялоо боюнча атайын операциясын 24-февралда баштаган. Президент Владимир Путин анын максаты "сегиз жылдан бери Киев режими тарабынан геноцидге кабылган элди коргоо" экенин айткан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости