www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Биз качан болбосун саясат менен алекпиз, элдин коопсуздугун карабайбыз. Бул туурасында Жогорку Кеңештин депутаты Айсулуу Мамашова билдирди.

Эл өкүлү жогорку бийликте отургандар мыйзамды өздөрү каалагандай бузуп жатып, мунун арты менен жөнөкөй жарандар дагы мыйзамды сактабай, өзүнүн түшүнүгү менен жашап калганын белгиледи.

"Бүгүнкү күндө эмне болуп жатканын көрүп жатасыздарбы? Эч ким, жада калса парламентте отурган аял катары мен дагы коопсуздукту сезбейм. Тилекке каршы, Айзада жогорку кызматтагы аткаминердин кызы эмес экен. Тилекке каршы, жөнөкөй адамдын кызы. ул коомчулукка чыгып билингени гана. Канча адамдын тагдыры талкаланып жатат, ала качып барып өлтүрүп, зордуктап, сабаган учурлар качанкыга чейин созулушу керек? Биз качан болбосун саясат менен алекпиз, качан экономика, элдин коопсуздугу менен алектенебиз? Дагы канча күтүш керек?!" — деди Мамашова.

Ошондой эле ал бул маселеге төрага Талант Мамытов көңүлкош карабай, өзү демилгелеп күн тартибине киргизиши керектигин белгиледи.

Андан соң Мамытов сунушту күн тарбине киргизүүнү депутаттар добуш берүү менен чече турганын айтты.

Эске салсак, 5-апрель күнү эртең менен саат 7:00 чамасында Медеров жана Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинде үч бала 27 жаштагы кызды кызыл түстөгү унаага салып кеткен. Кыздын туугандары ошол эле күнү издеп башташкан. Биринчи май райондук милицияга саат 7:30да кабарлаган. Бирок издөө иштери кечеңдеп жатканына нааразы болуп, эртеси ЖМКларга кайрылышкан.

Ал эми 7-апрелде изделип жаткан автоунаа Чүйдөгү Арашан менен Чокморов айылдарынын ортосунан табылган. Ал тууралуу милицияга жергиликтүү чабан кабар берген.

Автоунаанын ичинен киши колдуу болгон Айзада Канатбекованын жана 36 жаштагы кишинин бычакталган сөөгү табылган. Кечинде кызды ала качууга катыштыгы бар делип бир шектүү кармалды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости