www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынын жетекчиси Улан Жумаков социалдык тармактагы баракчасына Айзада Канатбекованын өлүмү тууралуу өз оюн билдирди.

"Жаман окуя болуп өттү, ала качылып бара жаткан кыз каза болду. Мындай үрөй учурган окуялар жүрөк оорутат.

Каза болгон Айзаданын жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтам. Айзаданы сактап кала албаганыбыз үчүн кечирим сурайм...

Бирок ошондой эле өзүмдүн жеке пикиримди билдирип кетким келет. Оор кылмыштар боюнча ыкчам кызматкерлерге уюлдук байланыштарды текшерүү үчүн дароо мүмкүнчүлүк бериле тургандай кылып мыйзамды өзгөртүү керек", - деп жазган Жумаков.

Ошондой эле ал тергөө тапшырмасы жок эч кандай документтерди түзө албай, кылмыш болгон жерге кароо жүргүзө албай тургандыгын жана ушуга окшош кагаз иштери кызматкерлерди ишти ыкчам алып баруусуна чоң жолтоо болуп жаткандыгын, мындай нерселерди алдын алуу үчүн мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү керектигин жазып калтырган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости