www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

– Мамат мырза, акыркы мезгилде кыргыз-тажик чек арасында чыккан чыр көбөйсө көбөйүп, азайган жок. Тажик тарап качан болбосун чырды кыргыздар баштады деген доомат коюуга аракет кылышат. Жер алмашсак эле маселе чечилип калабы?

– Албетте чечилет. Ал үчүн маселе жараткан, чырдын чыгышына себеп болгон жерлерди алмашышыбыз керек. Антпесек маселе чечилбейт. Маселен, Ворух, Мачаидеги, Көк-Таштагы тажиктер менен Мургаб, Жерге-Талдагы кыргыздарды алмашыш керек. Андай чечимге баруу канчалык оор болсо да, ошол жолго барышыбыз керек. Антпесек жаңжал курчуса курчуйт, бирок, токтобойт. Айтайын дегеним, талаштуу жерге кыргыздар көчүрүлүп келсе, чыр токтоп, баштагыдай маселе жаралбай, тиреш болбой калат эле. Анткени, кыргыз кыргыз менен урушмак эмес.

– Ушундай заманда элди көчүрүш оор эмеспи?

– Туура, элди көчүрүш оор маселе. Бирок, бул маселени элди көчүрмөйүн чечкенге да болбойт. Элди көчүргөндөн коркпош керек. Союздун мезгилинде согуш учурунда немистерге сатылып кетти деп бир канча улутту көчүргөн. Азыр жайчылыкта көчүргөндү маселе кылбай эле чечип койсок согушту, жаңжалды алдын алып, элди сактап калат элек. Анткени, союздун мезгилинде тарбияланган муун бири-бирин аяр карап, согуша албай турабыз. Эгемендүүлүктө туулуп, эгемендүүлүктө өскөн тажик менен кыргыздар согушуп кетсе, Баткен, Лейлек районун кыргыздар жоготуп коюшу мүмкүн.

– Баткенге эл сыйлаган адамды губернатор кылып койсо эле чек арадагы маселелер жай жайына коюлуп, азыркыдай ок атылган, элдин тынчтыгын бузган кооптуу жагдай жаралбай калат деген пикирдегилер да бар. Алардын айтканына ынансак болобу?

– Бүгүн губернатор жок. Бүгүн губернаторлук кызмат “өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүл” деген ат менен алмашылып калган. Өкүлдүн кандай ыйгарым укуктары бар экенин билбейм. Мен губернатор кезде менде укук жана жоопкерчилик жогору болчу. Ошон үчүн иштеген ишимден майнап чыккан. Негизи чек ара маселесин облусту тейлеген азаматтар эмес, президент менен премьер-министр чечет. Губернатор чечиш керек болгондо мен эбак эле чечмекмин. Мен бул маселелерге катуу киришкенде кошуна мамлекеттин президенттери “Кыргызстанда Акаев президентпи же Айбалаев президентпи?”- дешип атып, мени кызматтан алдырышкан.

– Кырдаалды жөнгө салуу максатында, чек арадагы чырларды токтотуу ниетинде мурдараак эки мамлекеттин президенттери жолуккан эле. Эмне үчүн президенттердин жолукканы чек ара чырында мааниге ээ болбой, чыр күчөгөндөн күчөп жатат?

– Негизи мындай нерселер орун албашы керек эле. Бирок, талаштуу жерге тажиктер курулуш ишин баштаганы жергиликтүү бийликтин абдан начар иштегендиги жана реакциясынын жоктугу деп айтат элем. Чынын айтканда, эгемендикке ээ болгон жылдан бери Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн, жергиликтүү бийлигинин жоопкерчиликсиздигинен улам тажиктер ушундай позицияны карманып, биздин жерлерди ээлеп алууга аракет кыла башташты.

– Кезинде ойлонбой чечим чыгарып, жерлерди коңшу мамлекеттерге берип койгону үчүн ошол кездеги чиновниктерди жоопко тартып, башкасына сабак кылышыбыз керекпи?

– Жоопко тартууну Акаев менен Бакиевден башташыбыз керек. Акаев чоң аймакты атасынан калган жер кептентип, Кытайларга берип койгон. Чынында биздин жетекчилердей жер берген марттыкты эч ким көрсөткөн эмес, Айтайын дегеним, эң күчтүү Советтер Союзунун жетекчилери Сталин, Хрушёв, Брежнев, Андропов деген азаматтар да бул маселени чече алган эмес. Акаев жана Бакиевдин тегерегиндеги шыйпаңбай чыккынчылар бийликке келе калгандан пайдаланышып, кыргыздын жерин ченебей кошуна мамлекеттерге берип, элди азапка салышты. Башкача айтканда, кыргыз элинин жерин кыргыз элинин ичинен чыккан акмактар бекер берип, иттик кылышты.

Негизи карапайым эл бийлик төбөлдөрүнүн ойлонбой койгон колунан, арзыбаган нерсеге алданып берип койгон жердин азабын ченебей тартып келишет. Чынында бийликке келе калган азаматтардын жер бергенге акысы жок. Ал жер алардын аталарынан калган жер эмес. Жердин ээси – кыргыз эли. Ага карабай мурунку президенттер 49 жылдан кийин эмне болоорун эске албай, кыргызга таандык жерди тажиктерге берип койгону үчүн Баткендин айрым айыл өкмөттөрү жана Лейлек району, Сүлүктү шаары толугу менен анклав болуп калуу коркунучунда турат. Жол салып кыйратып жатабыз дебей эле аталган документке кол койбой эле, эски жол менен каттай берсек, талашып-тартышып жүрүп, акыры туура жагына чечилет эле. Башкача айтканда, ал жерди тажиктер талашканы менен кыргыздын жери болуп кала бермек.

Маектешкен: Чынайым Кутманалиева

Булак: “Майдан.kg”

Последние новости