www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Австралиядагы өрттөн күйүп кеткен токой кайрадан калыбына келип баштады. Мындай маалыматты фотограф өсүмдүктөрдүн көктөп баштаган сүрөттөрүн жарыялоо менен кабарлады.
Мындай кубанычтуу жаңылык менен Metro агенттиги бөлүшүп, сүрөттөрдү Мюррей Лоу тарткандыгын жазып чыкты. Сүрөттөр улуттук Дхураг паркында тартылган.
Маалыматка караганда флора дүйнөсү да Жаңы Түштүк Уэльс жана Кульнур аймагында жандана баштаган. Эксперттердин айтымында Австралиядагы өсүмдүктөрдүн түрү миллиондогон жылдар бою өрттү башынан өткөрүп келген. Андыктан, австралиялык флора кайра калыбына келүү эволюциондук системасына жөндөмдүү. Буга жамгыр менен убакыт керек.
Метеорологдор жакынкы күндөрү Австралияда чагылган болорун болжолдошууда. Окумуштуулар нөшөрлөгөн жамгыр таза суулардын корун булгап, суу ташкыны келип чыгышынан чочулашууда.
Эскерте кетсек, Австралиядагы өрт 2019-жылдын октябрь айынан бери уланып келүүдө. Андан отузга чукул адам, миллиарддан ашык жаныбарлар жабыркаган.
⠀ Булак:NazarNews.kg