www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Биздин мурдагы бийликтегилер кыргыздын кызыкчылыгын коргобой туруп, бүгүн тажиктерди жараштырдык деп мактанып жатышат», - деди бүгүн, 11-майда NazarNews маалымат агенттигине экс-губернатор Мамат Айбалаев.

- Мамат агай, 1924-1927-жылкы карта менен чек араны аныктай турган болсок, кыргыздарда Жерге-Тал менен Мургабды кайрып алуу мүмкүнчүлүгү барбы?

- СССР убагында Жэрге-Тал, Мургаб райондорунун жетекчилери жалаң кыргыздар болгон. Союз кулагандан кийин кыргыз жетекчилер иштеринен айдалып тажиктерге алмашылган. Бардык кыргыз жетекчилер Кыргызстанга көчүп келип алышкан.

Биздин мурдагы бийликтегилер тажиктерге каршылык көрсөтмөк турсун, эч кандай сөз айта алган эмес. Эми бети жоктор, уялбай бүгүн тажиктерди жараштырдык деп мактанып жатышат. Кыйын болушса, ошол мезгилде кыргыздардын кызыкчылыгын коргошпойт беле. Чынында азыр эки районду кайтарып алыш өтө татаал. Бирок, Ворух, Мачаи, Көк-Таш айылында жашаган тажиктер менен алмашуу жолун издешибиз керек.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости