www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Индиядагы дарыгерлер коронавирустан дарылайт деген ишеним менен уйдун кыгы пайдаланылып жатканына тынчсызданып жатышат. Медиктер бул жолго барган адамдар башка жугуштуу ооруларга кабылуу коркунучу бар экенин эскертүүдө.

Фото: Reuters

Учурда Индияда коронавирус менен катталгандардын саны 22,66 млн адамга жетти. Бул оорунун кесепетинен 246 116 бейтап көз жумган. Ал эми эксперттер бул сан каттоого алынгандар гана болуп, чыныгы адамдардын саны мындан 5-10 эсе жогору болушу мүмкүн экенин да айтышты.

Фото: Reuters https://st-0.akipress.org/st_gallery/14/1161114.82bb81790fbf1dd6821a52db6af31e24.jpg

Ал эми Индиянын батышындагы Гуджарат штатындагы айрым жарандар уйлар багылган жайга жумасына бир ирет барып, уйдун заңын бүт денесине сүйкөп жатышат. Бул коронавируска каршы иммунитетти жогорулатып, андан айыгууга көмөктөшөт деген ишенимдери бар.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости