www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мамат Айбалаев: «Биз Тажикстандан өтө сак болушубуз керек»

«Эч ким, эч бир мамлекет согушту каалабайт», - деди бүгүн, 8-июнда NazarNews маалымат агенттигине Баткендин биринчи губернатору Мамат Айбалаев.

- Мамат агай, Орто-Азиянын тынчтыгын бузгусу келгендер тажиктерди Кыргызстанга каршы тукуруп жатабы?

- Эч ким, эч бир мамлекет согушту каалабайт. Ар бир адамдын, элдин, мамлекеттердин реакциясын, Орусия менен Украинанын чыр-чатагынан (согушунан) көрүп турабыз. Биз Тажик Республикасынан өтө этият, сак болушубуз керек. «Тынч жашагың келсе, согушка даярдан» деген сөздү унутпашыбыз керек.

Эске салсак, кыргыз-тажик чек арасында атышуу 3-июнь, күнү түштө башталганы кабарланган. Маалыматка караганда, алгач Баткен облусуна караштуу Булак-Башы аймагында кыргызстандык чек арачылар тактала элек аймактан өтүп, Кыргызстанга мыйзамсыз кирип кеткен тажикстандык чек арачыларды көрүшкөн.

Талаптарга баш ийбеген тажик чек арачылары кыргыз аскерлерин көздөй ок чыгарган. Натыйжада эки өлкөнүн чек арачылары атыша кеткен. Тажик тарап миномёт колдонгон.

Учурда атышуудан жабыркагандардын бири жандандыруу бөлөмүндө. Анын абалы өтө оор, экинчиси орточо деп бааланган. Окуя болгон жерге барган УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев жаңжал жайлоо талашынан чыкканын билдирген.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости