www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жөн отуруңуз! Депутат Айбек Осмонов Эдил Байсаловду зекиди

Жогорку Кеңештин депутаты Айбек Осмонов Кыргызстандын миңге чукул жараны Кытайда түрмөдө отурганын айтып, акыйкатчыдан алардын укуктарын коргоо тууралуу маалымат беришин сурады. Акыйкатчы Атыр Абдрахматова учурда чет өлкөдө 1 600дөн ашуун адам абакта отурганын, анын ичинен 1 400гө чукулу Орусияда экенин билдирди.

Ошол учурда министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов депутатка бул маселе акыйкатчынын функционалдык ишмердүүлүгүнө кирбестигин, аны менен ТИМ алектенээрин эскертти.

"Анда, Эдил мырза, сизден сурайын. Орусияда камалган миңден ашуун адамдын канчасын Кыргызстанга котордуңуз? Бирөөнү айтып бере аласызбы? Мына, билбейсиз. Ошон үчүн акыйкатчыдан сурап жатам. Сиз мага комментарий бербей жөн отуруңуз!" — деп зекиди Осмонов.

Андан соң Абдрахматова акыйкатчынын жарандардын укугун коргоо боюнча чет өлкөлүк органдарга жиберген каттары өтүнүч катары кабылданаарын тактады. Ал эми Кытайда "миңге чукул" эмес, 12 кыргызстандык соттолгонун белгиледи.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости