www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Анкаранын Орусияга каршы санкцияларга кошулбай калышы Украинаны тынчсыздандырышы мүмкүн, бирок Түркиянын саясаты тең салмактуу жана объективдүү. Бул тууралуу Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу билдирди.
«Биздин позициябыз, санкцияларга кошулбоо, анын ичинде Украина үчүн тынчсызданууну жаратышы мүмкүн. Бирок Түркиянын позициясы тең салмактуу жана объективдүү экенин моюнга алуу керек», - деди Чавушоглу Анкарада орусиялык кесиптеши Сергей Лавров менен өткөргөн маалымат жыйынында.
Анын айтымында, Түркия өз саясатын «башкалардын пикирине карабай, өз алдынча» аныктайт.
Булак: NazarNews.kg