www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

СҮРӨТ - Кыргыз-орус региондор аралык кезектеги жыйын

8-июндан тарта Россиянын Екатеринбург шаарында кыргыз-орус региондор аралык тогузунчу конференция өз ишин баштайт. Аны КР Экономика жана коммерция министрлиги менен РФ Экономиканы өнүктүрүү министрлиги биргелешип уюштуруп жатат. Экономика жана коммерция министри Данияр Амангельдиев жетектеген Кыргызстандын делегациясындагы көптөгөн ишкерлер жолугушууларга, тегерек үстөлдөргө катышат.

Аталган жыйындын алкагында бүгүн эки өлкөнүн жогорку окуу жайларынын ректорлорунун экинчи форуму, ишкер айымдардын эл аралык кызматташуусу боюнча форум  өтөт.

Ал эми 9-июнда кыргыз-орус региондор аралык тогузунчу конференциясы өз ишин кеңири баштайт. Анда КР Экономика жана коммерция министри Д. Амангелдиев, РФ Экономиканы өнүктүрүү министри М. Решетников сөз сүйлөшөт. Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондунун жетекчиси А. Новиков, КР Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн орун басарлары жана РФ аймактарынын жетекчилери чыгып сүйлөшүп, ар бири өз аймактары менен биргеликте кызматташуу боюнча пикирлерин ортого салышат.

Конференциянын алкагында төмөндөгү макулдашууларга кол коюлат:

1. Россия Федерациясынын Өкмөтү жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети ортосунда балык чарба тармагында кызматташтык жөнүндө макулдашууга  Россиянын балык чарбасынын башчысы И.В. Шестаков жана КР Экономика жана коммерция министри Д.Дж. Амангелдиев кол коюшат.

2. Россия Федерациясынын жана Кыргыз Республикасынын почта операторлорунун компетенциясына негизделген Почта жана логистикалык кызматтарды өнүктүрүү боюнча макулдашууга Мамлекеттик бийликтин аткаруу органдары менен өз ара аракеттенүү департаменти «Россия почтасы» ААК башчысы Р.М. Абрамян жана «Кыргыз почтасы» мамлекеттик ишканасынын башкы директорунун орун басары Р.Ж. Абдиев кол коюшат.

3. РФ Курган облусунун Шадринск шаары менен КР Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарынын ортосунда кызматташтык жөнүндө макулдашууга Шадринск шаарынын мэри  А.К. Мокан жана Кызыл-Кыя шаарынын мэри А.Ж. Маткалыков тарабынан кол коюлат.

Булардан соң, эки өлкөнүн бизнес чөйрөлөрү Евразиялык экономикалык биримдиктин алкагында тегерек үстөлдөргө катышып, анда ЕАЭБ алкагында региондор аралык кызматташуунун укуктук базасын иштеп чыгуу; ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин чек аралар жана региондор аралык өнүктүрүүнүн программасын даярдоо боюнча жана ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин ички чек ара аймактарында биргелешкен региондор аралык долбоорлорду колдоого зарыл финансылык инструменттер жөнүндө талкуулар, пикир алмашуулар болот.

Ош, Жалал-Абад, Талас, Баткен облустарынын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү, эки өлкөнүн адистеринин санарип тармагында кызматташуусу, жаштарга санарип билим берүү багытындагы маселелер да ортого салынат.

Мындан тышкары туризм тармагында тажрыйба алмашуу жана инфраструктураны жакшыртуу; Кыргызстан менен Россиянын региондорунун туристтик потенциалынын бет ачаары; тейлөө жана туризм чөйрөсүндө маалыматтык технологияларды колдонуу; тейлөө жана туризм тармагындагы ишканалардын ишмердүүлүгүнө санариптик экономиканын таасири; туристтик агымдарды алмашууларды жолго салуу боюнча талкуулар дагы болот.

Ошондой эле гуманитардык багытта иш алып баруу боюнча дагы эки мамлекеттин көптөгөн тиешелүү адистери, кызматкерлери ой пикирлерин ортого салышып, керектүү чечимдерди кабыл алуу боюнча иш аракеттер көрүлөт.

Кыргызстандан барган делегацияны КР Екатеринбург шаарындагы башкы консулу Руслан Бийбосунов коштоп жүрөт.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости