www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ӨКМнын аскер бөлүгүндө ур-токмокко алынган жоокер Бекзат Эсенбековдун апасы Алмакан Смаилова прапорщик Төрөбай Жаныбек уулуна коюлган беренеге макул эместигин билдирди.

«Уулум оор жаракат алган. Беренени кайра классификациялап, аны катуулатуу керек. Прапорщик кылган ишине керт башы менен жооп берсин», - деди ал ӨКМдин маалымат жыйынында.

Белгилей кетсек, 7-июнда маркумдун жакындары Беловодское айылындагы ӨКМдин аскер бөлүгүндө  2021-жылдын ноябрь айынан бери кызмат өтөп жаткан Бекзат Э. сабалганын кабарлашкан. 1-июнга караган түнү ал нөөмөттө жүргөндө прапорщик аны түнү бою сабаганын бегилешкен.

Кийинчерээк Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин аскер бөлүгүндө чакырылган жоокердин сабалышы боюнча Аскер прокуратурасы иликтөө жүргүзүп жатканы белгилүү болгон. Башкы прокуратура чогултулган материалдардын негизинде Бишкек гарнизонунун Аскердик прокуратурасы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 338-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пункту («Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу») боюнча кылмыш иши козголгонун маалымдаган.

Последние новости