www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Парламенттик башкаруу кадр маселесинде өзүн актай алган жок. Мындай пикирин Мамлекеттик кадр кызматынын директору Абдырахман Маматалиев билдирди.

Анын айтымында, парламенттик башкарууда өкмөттүн курамын Жогорку Кеңеш тактап, министрликтерге же билими, же кесиби дал келбеген, тажрыйбасы жетишсиз, чуулгандуу иштерге аралашкан адамдар келип калган учурлар көп кездешти.

Экинчиден, партиянын өкүлү министр болуп калса, орун басарынан тарта облус, райондук деңгээлге чейин партиянын адамдарын кызматка дайындап жүрдү.

Үчүнчүдөн, туруксуздук пайда болгон. Тилекке каршы, парламенттик башкаруу өзүн-өзү толук актай алган жок. Өкмөттүн кемчиликтери үчүн парламенттеги бир да коалиция жооп берген жок. Ал эми президенттик башкарууда өлкө башчы Садыр Жапаров бардык жоопкерчиликти мойнуна алат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости