www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Садыр Жапаров «Жусуп Абдрахмановдун туулган күнүнүн 120 жылдыгын белгилөө жөнүндө» Жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди. 

Азыркы кыргыз мамлекеттүүлүгүн түзүүгө зор салым кошкон Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана саясий ишмери Жусуп Абдрахмановдун элесин түбөлүккө калтыруу жана анын туулган күнүнүн 120 жылдыгын жогорку улуттук деңгээлде майрамдоо максатында токтом кылынат:

Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө сунушталсын:

— Ж. Абдрахмановдун туулган күнүнүн 120 жылдыгын майрамдоону даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитетин түзүү;

— көрсөтүлгөн иш-чараларды өткөрүү үчүн зарыл финансылык каражаттарды бөлүү.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости