www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар кеңеши бүгүн, 11-февралда кезексиз жыйын өткөрүп жатат. Жыйынга журналисттер киргизилген жок. Күн тартибинде кайсы маселелер бар экени да азырынча белгисиз.

Муфтияттын Борбордук текшерүү комиссиясынын мүчөсү Бакыт Нурдинов буга чейин журналисттерге жыйында ажылыктын акчасы боюнча маалымат берилерин айткан.

Муфтий Максатбек Токтомушев кызматтан өз эрки менен кетип жатканын башкармалыктын маалымат кызматы 10-февралда билдирген. Ошол эле күнү ал Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) убактылуу кармоочу жайына шектүү катары киргизилгени белгилүү болду.

Ага чейин УКМК муфтияттын башкы эсепчисин кармап, камакка алган. Атайын кызмат муфтиятта каржылык мыйзам бузуу болгонун айтууда.

Токтомушевдуин жакындары же анын адвокаты УКМКнын айыптоосу тууралуу эч кандай комментарий бере элек.

Максатбек ажы Токтомушев өткөн жумада "Азаттыкка" берген маегинде ажылыктын акчасы боюнча үн катып, айтылып жаткан айыптоолор "жалаа" экенин билдирген.

Аалымдар кеңеши Кыргызстанда мусулмандар курултайынан кийинки жогорку орган болуп саналат. 21 кишиден турган кеңештин мүчөлөрүн куралтай үч жылга шайлайт. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости