www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

КР президенти Садыр Жапаровго Бакай Өмүралиев, “ГАЗ-69” маркасындагы автомобиль Турдакун Усубалиевдин Кыргыз ССРинин Коммунисттик партиясынын Борбордук комитетинин биринчи катчысы болуп тургандагы кызматтык автоунаасын белекке берген.

Возможно, это изображение (2 человека, в том числе Бакаи Омуралиев, люди стоят и на открытом воздухе)

Көп өтпөй Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров 9-февралда, көрүнүктүү мамлекеттик ишмер, Кыргыз ССРинин Коммунисттик партиясынын Борбордук комитетинин биринчи катчысы Турдакун Усубалиевдин раритет автоунаасын Мамлекеттик тарых музейине тапшырды. Садыр Жапаров өлкөнүн өнүгүшүнө эбегейсиз салым кошкон Турдакун Усубалиевдин жаркын элесин урматтоо менен анын автоунаасын Улуттук тарых музейинин балансына өткөрүп берди.

Возможно, это изображение (автомобиль и на открытом воздухе)

Мамлекет башчысы Садыр Жапаров бул унааны Нарын облусунун тургуну, жеке ишкер Бакай Өмүралиевден белек катары алган. Ал Турдакун Усубалиевдин тарыхый жактан мааниси баалуу бул кызматтык автоунаасын көп жылдар бою сактап келген.

Кызыгы жогорку көрүнүш социалдык тармакта каттуу талкууга алынып, жогорку маалымат туура эмес экендиги айтылган. “ГАЗ-69” маркасындагы автомобиль Турдакун Усубалиевдин кызматтык унаасы болгонун  фонд тастыктады.

Возможно, это изображение (3 человека, в том числе Илязбек Балташев и Бакаи Омуралиев и люди стоят)

--“Жеке ишкер, Бакай Өмүралиев инимдин жүзү жарык. Бакайдын ак дил менен жасалган аракетинин чындыгы өз ордуна коюлду. Тарыхый инсанга таандык болгон темир тулпар минтип тарых музейинде эми өз ордун табат. Эмне дейм ... Бакай иним Бакайдай кадам кылды. Ушул жигиттин кадамына алкыш гана айта турган жердебиз...”-дейт Элнура Кулуева.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости