www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Райымбек Матраимовду колдогондордун көбү фейк деген маалыматтар тынымсыз жарыяланып турат. Акыркы учурда социалдык тармакта Матаримовду тынымсыз колдоп келе жаткан Жоомарт Аматовду кепке тарттык. 

--Саламатсызбы, Жоомарт мырза. Акыркы учурда соцтармактан Райымбек  Матраимовду колдоп жатасыз, сизди көпчүлүк фейк деп айтышууда.

--Мен эч кандай фейк эмесмин. Кадимки кыргыз жигитимин. Ооба, Матраимовдун тарапташымын. Ал, мен сыймыктанган инсан.

--Сиз сыймыктанган инсанды “ууру” деген макамды таккандарга кандай карайсыз?

--Бул жерде бир беткей каралоо болуп калды. Эмне үчүн Атамбаев менен Кулматовдун аты айтылбай орун басар Матраимовду күнөөлөп жатышат. Мындан ары биз Матараимовду жөн гана мурдагыдай талатып койбойбуз.

--Кандайча “талатып” койбойсуздар?

--Буга чейин, Батыштын кызыкчылыгын көздөгөн, элге аты-жыты жок кызыл-көк чачтар чыгып алып митинг кылган. Убакыттан пайдаланып айткым келет, эми Матраимов тууралуу митиндерге "антимитинг" катары жооп болот!

--Бишкекте болсо түз маекке макулсузбу?

--Оштомун, барганда сөзсүз маек берем.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости