www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Садыр Жапаров:

Бүгүнкү күндө биздин мамлекетибизде кадрдык таңкыстык бар. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров 11-февралда, Коомдук телерадиоберүү корпорациясына берген маегинде сүйлөп жатып билдирди.

"Албетте муну моюнга алышыбыз керек. Анткени 30 жылдан бери жалаң эле таяке-жээн, таяке-бөлө, карын-бөлө, тааныш-билиштерди кызматка тарта берип, илгерки Союз мезгилиндеги кадрларды адистик кезинен баштап тепкич-тепкич менен даярдаган институт жок болуп калган. Ошондуктан кадрдык таңкыстык бар. Кимди гана албайсың, жаш кадрды алып келип коюп койсоң, анын тажрыйбасы жетишсиз болот. Ошол тармакты тартып кете албайт, мына ушундай көйгөйлөр жаралууда", - деди Жапаров.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости