www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2020-жылы мигранттар Кыргызстанга которгон акча азайды

Чет элде иштеген мигранттар 2020-жылы Кыргызстанга жалпы 2 млрд. 377 млн. доллар жөнөттү. Бул тууралуу Улуттук банк кабарлады.

Анда белгиленгендей, бул сумма 2019-жылы которулган каражаттарга салыштырмалуу 29 млн. долларга аздык кылат.

Акчанын дээрлик көпчүлүк бөлүгү Орусиядан келген. Андан кийин АКШдан жана башка өлкөлөрдөн жөнөтүлгөн.

Кыргызстанга сырттан которулган акчанын көлөмү 2017-жылы 2 млрд. 482 млн. долларды, 2018-жылы 2 млрд. 685 млн. долларды жана 2019-жылы 2 млрд. 406 млн. долларды түзгөн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости