www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жактоочу:

УКМК тарабынан кармалган Женго каймана аты менен таанымал Кадыр Досонов тергөө аягына чыкканга чейин камакта болот. Бул тууралуу жактоочу Назгүл Сүйүнбаева билдирди.

Анын айтымында, Досоновдун баш коргоо чарасын Биринчи Май райондук соту караган.

Буга чейин Кадыр Досонов УКМКга өзү келгени маалымдалган. Кечээ, 11-февралда ал Оштон Бишкекке алып келинди. "Уюшкан кылмыштуу топтордун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюу чараларынын жүрүшүндө кримтөбөл Кадыр Досоновду издөө иштери аяктады. Сотко чейинки ачылган кылмыш ишинин алкагында Досонов УКМКнын абак жайына киргизилди", - деп айтылат билдирүүдө.

10-февралда Ички иштер министрлигинин органдары менен биргеликте Кадыр Досоновдун турган жерин аныктоо боюнча "перехват” планы жарыяланган.

Булак: NazarNews.kg


 

Последние новости