www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын тунгуч Президенти А.Акаев 14 жыл өлкөнү башкарып, 2005–жылы Москвага качкан. Ошондон бери элге келбей жүрдү эле, кечээ 2-августа Кыргызстанга келгенин угуп, аны коштогон адамга, туура болду деп жаздым. Анын келгенинин чоо-жайы айкындалганча, бийлик аны камап салбаса экен деп тынчсыздандым. Себеби ал такка отурганда, Конституцияны кармап, кыргыз өлкөсүн, элин коргойм деп ант берип, анан өлкөсүн да, элин да коргобой качып кеткен. Ант–бул абийир мыйзамы болгондуктан, бийлик аны камап салса эл туура көрмөк. Кудайга шүгүр, андай болгон  жок. 

Ал тергөөгө сурак берип чыккандан кийин, С.Жапаров менен К.Ташиевге ыраазычылык айтып, кыргыз элине кайрылып, эки кемчилигин мойнуна алды. Биринчиси, Аксы трагедиясына жол бергеним үчүн, экинчиси. 2005-жылы Конституциялык жол менен Президенттик кызматты кийинки Президентке өткөрүп бере албай калганым үчүн деди. Бул кемчиликтер үчүн мен кыргыз элимен кечирим сурап келгем жана дагы суранам деди. Бирок ал Манас атабызга окшоп:

Тебелетип душманга,

Ыйык кыргыз жеримди.

Кор кылып карап жаткыча,

Асыл кыргыз элимди.

Туулбай туна чөгөйүн,

Тирүү жүрбөй өлөйүн.

Тайыган үчүн антымдан,

Ата-баба салт урсун.

Төшү түктүү Жер урсун,

Төбөсү бийик Көк урсун, деген таризде элге кайрылса туура болмок.

Ал агынан жарылып, чын дили менен элден кечирим сураган жок. Бул факт, аны “качкын” атка кондурган окуяга, ал дагы эле туура баа бербегенин кабарлайт. Эгер андай болбосо, ал кайрылуусунда “он алты жылдан бери менин айыгышкан оппоненттерим мага жаап келе жаткан курулай жалаа, ушактарын, алардын – «Акаевдин Үзөңгү-Куушту кытайларга сатып жиберген, Кумтөрдөн алтын, акча жеп, акцияга ээ болгон, үй-бүлө мүчөлөрүн мамлекеттик башкарууга кириштирген» деген сыяктуу жасалма айыптоолорун чечкиндүү түрдө четке кагам” деп ачууланмак эмес.

Себеби “Кумтөрдөн алтын, акча жеп, акцияга ээ болгон” деп жалаа жапкан адамдардын бири ошол Акаев өзү бүгүн “айкөл, айкөл” деп мактап жаткан С.Жапаров экенин элдин баары билет. Бир тараптан С.Жапаровко “айкөл, айкөл деп жагынып, экинчи тараптан анын атын атабай, “мага жалган жалаа жапкан адам” деп аны күнөөлөп жатса, айткылачы, Акаевтин “саясаттан кеткениме он алты жыл болду. Учурда өлкөнүн саясий акыбалына таасир кылайын деген ниетим жок” деп элге кайрылганына ким ишененет?

Эгер А.Акаев үй-бүлө мүчөлөрүн мамлекеттик башкарууга кириштирбеген болсо, анда эмне үчүн Кыргызстанда анын аялынын, баласынын, кызынын, күйөө баласынын этегине жүгүнгөндөр кызматтан, кызматка көтөрүлүшүп, эбегейсиз байышты. Ошолордун кесепетинен Аскар Акаев өлкөдөн качып кетүүгө мажбур болду го. Себеби мени душман деп четтетип, аларды “свой” деп көтөргөн Акаевдин ошол үй-бүлө мүчөлөрүнүн кошоматчылары, саясый кырдаал курчугунда, бири да Акаевди коргоп көчүгүн көтөрүп койгон жок. Ошондуктан, кара башын сактап калыш үчүн, Акаев өлкөдөн чыга качты да. Мына ушул катасы үчүн А.Акаев элден кечирим сураса туура болмок. Себеби бүгүн миллиарддарды кусуп жаткандардын ичинде ошол өзүнүн үй-бүлө жакындарынын бар экенин ал деле билип турат да.

Акаев “АЗИЯnews» газетасына берген маегинде, С. Жапаровдун сунушу менен Кыргызстанга келдим деп ачык айтты. Кечээ эле “Кумтөрдөн алтын, акча жеп, акцияга ээ болгон” деп А.Акаевди жамандап жүргөн С.Жапаров, эмне үчүн бүгүн анын Кыргызстанга келишине муктаж болуп калды?-деген суроо ошондуктан жаралбай койбойт. Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда бир буту сылтык киши согушка барарын укканда - “мага иши түшүп калса, Стакеңдин (Сталиндин) акыбаалы оор көрүнөт” деген экен.  

Экологияга зыян келтирди деп Кумтөрдө алтын илгерилеген фабриканы канадалыктардан тартып алган кыргыз тараптын акыбалы бүгүн чын эле оор. Себеби кыргыз тарап эл аралык соттон утулду. Канадалыктарды ийкемге келтириш үчүн эми кыргыз тарап аларга коррупция боюнча доомат койгонго бурулду. Ошондуктан биздин мурунку өлкө башчыбыз Акаев сурак берүүгө келди, Бакиев издөөдө, Атамбаевге кылмыш иш козголду. 

Мурунку биздин өкмөт башчыларыбыз Чынгышев, Жумагулов Кумтөр боюнча күнөөлөрүн моюндарына алышты деп кабарланды. Ө.Бабанов менен Т.Сариев суракта. Кыргыз тарап эл аралык соттон уттураарын С.Жапаров түшүнүп, канадалыктар менен тил табышууну көздөп, А.Акаевди Кыргызстанга С. чакырды. Себеби, “Кумтөрдөн алтын, акча жеп, акцияга ээ болгон” деп жүргөн С.Жапаров, Бирштейн менен А.Акаевди табакташ деп эсептеп, Бирштейндин куйруктары Акаевди гана угушат, Акаевдин гана сунуштарына гана макул болушат деп ал А.Акаевди Кыргызстанга чакырды.

С. Жапаровго жең ичинен тил таап Кыргызстанга келгендин ордуна, А.Акаев агынан жарылып, чын-дили менен элден кечирим сураса жакшы болмок. Ошондон кийин гана ким Акаевге акараат айтса, ал адамды эл өзү тыйып салмак. Эгер бүгүнкү арсар бийлик тактан куласа, Акаевди камалбайт деп эч ким кепилдик бере албайт.  Ошондуктан ары жак бери жагын дагы бир ирет салмактап, А.Акаев кыргыз элине дагы бир жолу кайрылса жакшы болмок деп ойлойм.

Коомдук ишмер, Мамбетжунус Абылов

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости