www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мамлекеттик жана коомдук ишмер Мамбетжунус Абылов менен маек:

--Мамабетжунус агай, кечээ Садыр Жапаровдун колдоочулары митинг уюштурду. Сиз катыштыңызбы?

--Жок, катышканым жок.

--Эмне үчүн?

--Мунун эки себеби бар. Биринчиси: Атамбаев доорунда саясий куугунттукка дуушар болуп, камалган бардык саясатчылардын ишин сот жана тергөө органдары кайра тескеп чыгуусун өтүнүп, Элдик Курултай кабыл алган чечимди биз тергөө жана сот органдарына расмий тапшырганбыз. Ошолордун ичинде Садыр Жапаровдун да аты аталган. Ошол Элдик Курултайдын чечимин сыйлап, бүгүнкү бийлик камактагы Б. Асановдун, К. Кадыровдун, Б. Талгарбековдун, Э. Карыпбековдун, Т. Калматовдун, Д. Сарыгуловдун, Ө. Текебаевдин, К. Исаевдин, С. Жапаровдун өкүмдөрүн мыйзам чегинде кайра текшерип, жаңы чечимдерди кабыл алганын кыргыз эли билет.

Экинчиси: Өзүнө чыккан соттун акыркы өкүмү туура экенин өзү түшүнүп, ырайым кылууну суранып, Садыр Жапаров Президентке өзү расмий кат менен кайрылганын эл билет. «Мен күнөөмдү мойнума алдым, мага ырайым кылып койуңуз» деп ал Президенттен өзү суранып жатса, биздин өлкөдө тынчтыкты бузууну эңсеген айрым инсандар С. Жапаровдун атына жамынып, митингге элди чогултушту. Алар митингде С. Жапаров тууралуу талаптарын жарыялап, анан тынч тарап кеткендин ордуна, алардын айрымдары С. Жапаровду бийлик бүгүн бошотсун, болбосо биз тарабайбыз деп аянтка чыккан элге чакырык салып, элди бийликке каршы ачык козута башташты.

Анан митинг болуп жаткан жерден алар элдин бир тобун бийлик жайгашкан имаратты көздөй ээрчитип, ошол митингдин тынч өтүүсүнө көзөмөл салып жаткан күч органдарынын өкүлдөрүн алар таш менен ура башташты. Эгерде күч органдары аларга каршы мыйзам чегинде ыкчам чара көрбөгөндө, бир заматта алар борбор шаарыбыздын таш талканы чыгарышмак да, анан алар «бул бийлик болбой калды» деп, элди бийликке каршы тукурушту баштамак. Элди ушундай провокацияга түртүүнү көздөп, алар борбор аянттын тегерегинде жайгашкан айрым ишканалардын айнектерин жана токтоп турган автоунааларды да талкалап салышты. Булардын максаты С. Жапаровду бошотуу эмес, өлкөдө тынчтыкты бузуп, бийликти басып алуу экенин кечээги митинг айкындап салды. Ушундай болоорун сезип, кечээки митингге барам деп ээленип алган менин айрым тааныштарымды – «бул митингге катышпагыла, аягы провокация менен бүтөт» деп колумдан келишинче көбүнө эскерттим.

--Бийлик мындан кандай тыянак чыгырыш керек?

--Тополоң уюштурууга аракет кылган инсандардын күнөөсүн тергөө тез арада аныктап, алардын кылмыш иштерин сотко тез арада тапшырышы зарыл. Эгер бийлик аларга каршы мындай ыкчам чара көрбөсө, биздин өлкөдө бийликке жутунган инсандар тополоң уюштурууну токтотушпайт. Себеби, бул жыл парламентти шайлоо жылы. Шайлоодо бийлик талашуу курчуп, шайлоо чыр менен бүтүшү ыктымал. Баарыбыз билебиз, Акаев парламенттик шайлоодон кийин тактан кулаган. Кечээки чыр, ошол болочок чырдын ооз ачты эле репитициясы экенин эл көрүп турат.

--Анда бийлик кандай чара көрүш керек?

--Парламенттин курамын бул жолу бийлик түп тамырынан бери өзгөртүшү зарыл. Парламент бүгүн байлардын, базаркомдордун, алып сатарлардын, пулдуулардын эле клубу болуп калганын Сиз жакшы билесиз. Ошондуктан парламентти тажырыйбалуу, колу таза, мамлекетчил, улутчул, мекенчил, чыгармачыл адамдардын клубуна айлантуу бийликтин түздөн түз милдети. Бул максатты ишке ашырыш үчүн бийлик өз ишин жалаң эле байлар же күч, сот органдарына таянып жүргүзбөстөн, коомдук уюмдарга таянып жүргүзүшү өтө зарыл. Себеби таза, тажырыйбалуу мекенчил инсандар бүгүн парламентте эмес, ошол коомдук уюмдарда. Бийлик буга маани бербей жаткандыктан, алар бүгүн бийликке ыктабай, бийликке жутунган шумпайларга ыктоого мажбур болуп жатышат. Бу маселеге бийлик дагы эле маани бербей турган болсо, шайлоодон кийин алардын көбү башкаларды колдоого мажбур болуп калышат. Себеби, кыргыз деген эл «сүйбөгөнгө сүйкөнбө» деген пикирди туу туткан эл болот.

Маегиңиз үчүн рахмат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости