www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

- Мамбетжунус ага, Садыр Жапаровдун маалымат кызматы Ысык-Көлдө жана Кыргызстандын шаарларында казино ачуу боюнча таңгала турган билдирүү таратты. «Эгер кыргыз коомчулугу казинонун ачылышына каршы болсо, казино тууралуу кабыл алынып жаткан мыйзамга президент вето коёт» деп.

Айтыңызчы, президент Садыр Жапаров анда өз демилгесинен өзү баш тартабы?

- Президент Садыр Жапаров сунуштаган казинону кыргыз коомчулугу жылуу кабыл алган жок. Мунун үч себеби бар: биринчиси, коррупция басаңдабай турганда накталай акча айланган казинону жергиликтүү элден көмүскөдө кармоо демилгеси элде шек туудуруп жатат.

Экинчиси, казинодогу кумар оюндары жергиликтүү мусулмандарды эртели-кеч азгырбай койбойт. Ошондуктан казинонун ачылышына муфтият да Садыр Жапаровго салкын колдоо кылганы байкалып калды.

Үчүнчүсү, чакан казинолордо акча көлөмү аз болгондуктан, бийликтен жөлөк тапкан казинолор бат эле баңгизат, сойкуларды чет элдерге саткан очокко айланып кетишет. Ошондуктан казинону жергиликтүү элден көмүскө кармоону жарыялаган Садыр Жапаров «буларга жөлөк болгусу келип жатса керек» деген элде ага шек жаралып жатат.

Себеби, биздин экономиканын кубатсыздыгынан баңгизат менен сойкулук азайбай келет. Муну эч кимден жашыра албайбыз. Ушул аталган үч факт Садыр Жапаровдун өзүнө түздөн-түз тийешелүү болуп жатканын сезгенден кийин, ал өз демилгесинен баш тартты деп ойлойм.

- А Садыр Жапаровдун «дос-секретары» аталган УКМК жетекчиси Камчыбек Ташиев эмне үчүн чек ара маселеси боюнча өзүнүн элге жарыя кылган чечиминен баш тартты?

- Орто-Токой суу сактагычы боюнча Камчыбек Ташиев кыргыздарга абдан пайдалуу чечимге жетишкенден кийин гана («Аппетит приходит во время еды» деп орустар айткандай), Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча өзбектер Ташиев сунуштаган чечимге макул болорун ал түшүндү.

Ошондуктан, ал мурунку, мүмкүн кичине шашылып жарыя кылып алган чечиминен баш тартып, биздин элге абдан пайдалуу чечимди ал өзбек туугандарга сунуштаганы турат. Ушул маселени саясатка айлантпай, кичине сабыр кылып турсак, ийгилик биз жакта болоруна ишенип турам.

- Анда 30 жылдан бери чечилбей келе жаткан кыргыз-өзбек чек ара маселеси чечиле турган болуп калдыбы?

- Ооба, болгондо да биздин элдин пайдасына.

Булак: Азия News гезити

Последние новости