www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркиядан Кыргызстанга мобилдүү клиникалар келди

Түркиядан Кыргызстанга мобилдүү клиникалар келди. Бул тууралуу социалдык тармактарга интернет колдонуучулар жарыяды. 

"Түркия мамлекетинен Кыргызстанга 8 фура менен 5 мобилдүү клиника алынып келинди. Анда заманбап диагноз чыгара турган бөлүм, компьютердик томография, УЗИ-аппарат, маммография, рентген-аппарат, гастроскоп, колоноскоп, офтальмоскоп, риноскоп, эхокардиограф, биохимиялык анализ үчүн лабораториялык жабдыктар, операция бөлүмү камтылган. Эми Кыргызстан калкынын саламаттыгы үчүн бул мобилдүү клиникалар жогорку деңгээлде кызмат өтөйт деген тилекте туралы!", - дейт интернет колдоуучулары. 

Ал эми Саламаттыкты сактоо министрлиги бул маалыматты расмий тастыктай элек. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости