www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз бийлигинин алдын алууда жана натыйжасыз аракеттеринин жоопкерчилиги улуттук деңгээлде каралууга тийиш! Мындай  пикирди журналист Сурат Жылкычиев социалдык баракчасы аркылуу билдирди. 

--"Кошуна Тажикстандын аскердик агрессиясына Кыргыз Республикасы БУУ, ЕККУ жана ЖККУ уюмдарынын алкагында жүктөлгөн эл аралык милдеттенмелерине ылайык реакция кылды.

Кыргыз Республикасы тынчтык менен коопсуздукту сактоо үчүн аскердик күч колдонуудан баш тартып, тынчтык сүйлөшүүлөр жолун тандады. Бул жагы колдоого алынаарлык туура кадам болду. Аны дүйнөлүк коомчулук жана эл аралык уюмдар тааныйт.

Башка маселе, кандай себептер мындай абалга алып келгени жана аны эффективдүү алдын алуу мүмкүн беле жана эмне себептен ишке ашкан эмес?

Ошондуктан эл аралык милдеттенмелерин бузуп, аскердик күчтөрдү колдонуу менен Кыргызстандын территориалдык бүтүндүгүнө кол салып, адамдардын курмандыгына алып келген, тынчтык менен коопсуздукка доо кетирген Тажикстандын аракеттеринин эл аралык жоопкерчилиги каралыш керек. Ал эми Кыргыз бийлигинин дагы алдын алуудагы аракетсиздигинин же натыйжасыз аракеттеринин жоопкерчилиги улуттук деңгээлде каралууга тийиш!", - дейт журналист. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости